21-февраль - Эл аралык эне тил күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин салтанаттуу иш-чарасы

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2024-жылдын 16-февралында саат 11:00до Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунда салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт.

post.title

Иш-чарага КР Президентинин Администрациясынын, КР Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын, Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги, коомдук уюм жана фонддордун, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, студенттер жана окуучулар катышат.

Салтанаттуу иш-чарада айлыктын алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралар тууралуу маалымат берилип, тилди даңазалаган ырлар окулуп, ар улуттун маданиятын даңазалаган ыр, бийлер жаңырып, активдүү катышкан окуу жайларга жана жеке катышуучуларга  сыйлыктар тапшырылат.

Белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамын жана “Кыргыз жараны” концепциясын ишке ашыруу, Бириккен Улуттар Уюмунун жана ЮНЕСКОнун чечиминин негизинде Кыргызстанда жашаган улуттардын ынтымагын бекемдөө, алардын эне тилин, маданиятын жайылтуу максатында Министрликтин 2024-жылдын  6-февралында №182/1 буйругу чыгып, иш-чаралар планы бекитилген.

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар