“ЭЛ ҮМҮТҮ” СТИПЕНДИЯСЫНА ДОКУМЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ 1-МАЙДАН БАШТАЛАТ

15 Апрель 2024 ж.

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына документтерди онлайн кабыл алуу 2024-жылдын 1-майынан 30-майына чейин жүргүзүлө тургандыгын маалымдайт.

“Эл үмүтү” стипендиясынын максаты Кыргыз Республикасынын кыйла таланттуу жаштарына жогорку окуу жайларынын (мындан ары - окуу жайлары) QS World University Rankings, Times Higher Education топ-100 дүйнөлүк рейтингине кирген чет өлкөлүк окуу жайларында магистр жана PhD доктору деңгээлинде билим алуусуна көмөк көрсөтүү болуп саналат.

“Эл үмүтү” стипендиясы жыл сайын Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражатынан бөлүнүп турат.

“Эл үмүтү” стипендиясы жекече болуп саналат жана жыл сайын Республикалык комиссия тарабынан конкурстук тандоодон өткөн кыйла таланттуу жаштарга ыйгарылат.

Жыл сайын 50 “Эл үмүтү” стипендиясы бөлүнөт, алардын ичинен техникалык жана инженердик багыттар боюнча магистрлерди даярдоого - 20 стипендия, экономикалык багыттар боюнча магистрлерди даярдоого - 10 стипендия, социалдык-гуманитардык багыттар боюнча магистрлерди даярдоого - 10 стипендия, философия доктору PhD программалары боюнча окутуу үчүн - 10 стипендия.

“Эл үмүтү” стипендиясына талапкерлерге коюлуучу талаптар:

1. “Эл үмүтү” стипендиясына конкурска катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын  магистратурада окууга 40 жашка чейинки, PhD докторантурада окууга 45 жашка чейинки жарандарына уруксат берилет.

2. Стипендия магистрлерди даярдоо багыттары боюнча 2 жылга чейинки мөөнөткө жана философия доктору PhD программалары боюнча 3 жылга чейин окутуу үчүн ыйгарылат, бирок чет өлкөлүк окуу жайынын окуу планында каралган мөөнөттөн ашпоого тийиш.

3. Талапкерлер төмөнкү талаптарга ылайык келиши керек:

- кабыл алуучу тараптын тиешелүү тесттерин жана экзамендерин тапшыргандыгы жөнүндө сертификаттар же башка документтер менен тастыкталган чет тилдердин бирин (англис, немис, француз ж.б.) эркин билүү;

- жарыялоолор, автордук күбөлүктөр, баяндамалардын тезистери, дипломдор жана башкалар менен тастыкталган илимий-изилдөө иштерине активдүү жана натыйжалуу катышуу;

- стипендия ыйгарылганга чейинки эки жылдын ичинде илимий-изилдөө ишинин натыйжаларын башка ачык билдирүү, анын ичинде эл аралык, республикалык же ведомстволук конференцияда, семинарда, тиешелүү деңгээлдеги башка иш-чараларда баяндама (билдирүү) менен чыгып сүйлөө;

- Кыргыз Республикасынын окуу жайынын профессордук-окутуучулук курамынын сунуштамасынын болушу.

“Эл үмүтү” стипендиясына тандоодо артыкчылык ушул Жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча адистешкен талапкерлерге берилет.

Талапкерлер конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди берет:

1) ыйгарым укуктуу орган бекиткен форма боюнча эл аралык стипендияны ыйгаруу конкурсуна катышуу үчүн талапкердин толтурулган анкетасы;

2) паспорт/инсандын күбөлүгү;

3) транскриптти тиркөө менен бакалавр/адис/магистр диплому;

4) программаны, адистикти, окуу мезгилин көрсөтүү менен мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормолору менен академиялык окууга кабыл алынгандыгын ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

5) чет өлкөлүк жогорку окуу жай тарабынан берилген жетишкендиктер жөнүндө расмий документ/адистигин, курсун (окуу жылын), ошол окуу жайда пайдаланылган баалоо системасы жөнүндө маалыматты, ошондой эле чет өлкөнүн алдынкы жогорку окуу жайларында академиялык окууда окуп жаткан адамдар үчүн мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормолору менен ошол окуу жайда учурдагы жетишкендиктин орточо баллын көрсөткөн белгиленген үлгүдөгү маалымкат;

6) жарыялоолор, автордук күбөлүктөр, баяндамалардын тезистери, дипломдор ж.б. менен ырасталган илимий-изилдөө иштерине активдүү жана натыйжалуу катышуу жөнүндө маалыматтар;

7) эл аралык стипендияны ыйгарганга чейин эки жыл ичинде башка коомдук сунуштар жөнүндө, илимий-изилдөө иштеринин натыйжалары жөнүндө маалыматтар, анын ичинде эл аралык, республикалык же ведомстволук конференцияда, семинарда, тиешелүү деңгээлдеги тегерек столдо баяндама (билдирүү) менен чыгып сүйлөө аркылуу.

Арыз берүүчү тарабынын документтери ыйгарым укуктуу органдын веб-порталы аркылуу документтерди кабыл алуу үчүн белгиленген мөөнөттө берилет.

Тапшырылган документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу органдын веб-порталынын жеке кабинетине арыз ээсине документтерди кабыл алуу жана конкурска катышууга уруксат берүү же аларды кабыл алуудан жүйөлүү баш тартуу жөнүндө билдирүү жөнөтүлөт.

Документтерди кабыл алуу үчүн ушул Эрежелердин талаптарына жана шарттарына ылайык келбеген, ошондой эле документтердин толук эмес пакети берилген учурда, арыз ээси белгиленген мөөнөттө бузууларды четтетүүгө жана документтердин пакетин кайра берүүгө укуктуу.

Конкурска катышууга уруксат берүү үчүн өтүнмө ээсинин жана документтердин пакети ушул Эрежелердин талаптарына ылайык келүүсүн кароо ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

Документтер топтомун: https://umut.edu.gov.kg/ шилтемесиндеги формага тиркейт.

Документтерди онлайн кабыл алуу 2024-жылдын 1-майынан 30-майына чейин жүргүзүлөт. Андан тышкары документтердин оригиналын министрликтин 3-кабатында жайгашкан 317-кабинетке тапшыруу керек.

Ийгилик каалайбыз!

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар