«Борбордук Азия заманбап эл аралык мамилелерде: жаңы глобалдык тренддерди талдоо ыкмалары» эл аралык илимий-практикалык конференция

12 Март 2024 ж.

Ж.Баласагын атындагы КУУнун Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультети 2024-жылдын 19-апрелинде Кара-Кыргыз автономиялык облусунун 100 жылдыгына арналган «Борбордук Азия заманбап эл аралык мамилелерде: жаңы глобалдык тренддерди талдоо ыкмалары» темасындагы эл аралык илимий-практикалык конференциянын ишине катышууга чакырат.

Конференциянын негизги илимий багыттары:

    1. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунан Кыргыз Республикасына: тарых жана азыркы учур.
    2. Борбордук Азия регионундагы интеграциялык процесстер.
    3. Борбордук Азия дүйнөнүн азыркы геосаясий картасында.
    4. Борбордук Азияда улуттук, региондук жана эл аралык коопсуздукту камсыз кылуу проблемалары.
    5. Борбордук Азиядагы энергетика, суу ресурстары, экология жана миграциялык процесстер: көйгөйлөрдү чечүүдөгү илимий ыкмалар.

Конференцияга катышууга илимий кызматкерлер, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, аспиранттар жана изденүүчүлөр, мамлекеттик кызматкерлер, эл аралык уюмдардын жана ӨЭУдардын эксперттери ж. б. чакырылат.

Иштин жыйынтыгы боюнча конференциянын материалдарын "КУУ Жарчысы" илимий журналынын атайын чыгарылышында жарыялоо пландаштырылууда (РИНЦ индекстелет). Конференцияга оффлайн жана онлайн режиминде катышуу болжолдонууда.

Конференцияга катышуу үчүн 5.04.2024-ж. чейин катышууга өтүнмөнү толтуруу жана тезисти же макаланын текстин (жарыялоо үчүн) төмөнкү э-почтага жөнөтүү зарыл: iuliia.udaltsova@knu.kg

Конференциянын жумушчу тилдери: кыргыз, орус, англис.

Байланыш маалыматтары: +996(552)565533, +996(557)242624, +(996)500559596

Конференцияга катышуу үчүн арыз формасы:

Фамилиясы, аты, атасынын аты

 

Илимий даража, илимий наам

 

Кызматы

 

Уюм жана анын түзүмдүк бөлүмү (толук аты-жөнү

көрсөтүлөт)

 

Конференция багыты (1-5)

 

Катышуу формасы (онлайн/оффлайн)

 

Телефон

 

E-mail

 

Докладдын аталышы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар