РИМБ КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ЖАНА КОЛЛЕДЖДЕРДИН ИШИН УЮШТУРУУ БОЮНЧА КУРСТАРДЫ УЮШТУРАТ

5 Декабрь 2023 ж.

Республикалык илимий-методикалык борбор кесиптик лицейлердин жана колледждердин жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынактын катышуучуларынын өтүнүчү боюнча башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында окуу процессин уюштуруудагы кесиптик чеберчиликти жогорулатуу боюнча курстарды уюштурат.

Курстун программасы:

1-модуль: ченемдик-укуктук база.

2-модуль: педагогика.

3-модуль: психология.

4-модуль: башталгыч жана орто кесиптик билим берүү окуу жайларында окуу процессин башкаруу (билим берүү мекемесинин ишмердүүлүгүн стратегиялык пландаштыруу, усулдук иш, окуучулардын компетенцияларын баалоо методикасы, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында социалдык өнөктөштүк).

Жалпы программа - 48 саат, анын 36 сааты - аудиториялык, 12 сааты -практикалык сабактар, 1 жумага созулат.

Окутуучулар: Жусуп Баласагын атындагы КМУ, Ишеналы Арабаев атындагы КМУ, КР Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын профессордук-окутуучулук курамы.

Курстун наркы - 3000 сом. Катышуу – ыктыярдуу негизде.

Курсту өткөрүү форматы — окутуунун онлайн жана оффлайн формасы (аралаш).

Лицензия LS 230000306, каттоо № Е 2023-0028, 2023-жылдын 17-февралы.

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар