Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын жакын жайгашкан эки мектебиндеги окуучулардын контингентин азайтуу, алыскы айылдарда (мисалы, Эңилчек айылы) жашаган балдардын, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим алуусун уюштуруу максатында Ак-Суу балдар үйүнүн базасында жалпы билим берүүчү мектеп-интернат ачылды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
3 Сентябрь 2021 ж. 19:00 1581
Билим берүү жана илим министрлиги балдары алгачкы жолу мектеп босогосун аттап жаткан ата-энелерди ашыкча убаракерчиликтен арылтуу максатында Мектепке электрондук жазылуу (https://mektep.edu.gov.kg/) порталы боюнча мониторинг жүргүзүп, Бишкек шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык мектептердеги квоталар (бош орундар) тууралуу маалыматтарды чогултту.
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
3 Сентябрь 2021 ж. 17:06 9200
Бүгүн Бишкек шаарында “Мектептердеги окуу чөйрөсүн жакшыртуу” долбоорунун алкагында республиканын ар кайсы аймактарындагы 10 мектепке мектеп жабдууларын тапшыруу аземи болуп өттү.
Автор: Борбордук аппарат
2 Сентябрь 2021 ж. 19:42 1670
2021-жылдын 2-сентябрында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Билдирүү Кеңешинин илим, технология жана инновация жаатындагы кызматташтыкты күчөтүү боюнча долбоорун талкуулоо үчүн эксперттик отурум (видеоконференция аркылуу) болду.
Автор: Илим жана инновациялар башкармалыгы
2 Сентябрь 2021 ж. 18:24 1462
Бүгүн, 2021-жылдын 27-августунда, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент), Кыргыз Республикасынын Илимдер улуттук академиясынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялоо комиссиясынын жетекчилеринин жолугушуусу болуп өттү.
Автор: Илим жана инновациялар башкармалыгы
27 Август 2021 ж. 18:00 1786
2021-жылдын 23-25-августунда Токмок шаарында башталгыч билим берүүнүн предметтик стандарттарын иштеп чыгуу боюнча семинар болуп өттү. Иш-чара Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун колдоосу менен уюштурулду.
Автор: Кыргыз билим берүү академиясы
27 Август 2021 ж. 16:45 3265
Бүгүн, 2021-жылдын 26-августунда, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде Кыргыз Республикасы менен Евробиримдиктин ортосунда кол коюлган “Билим берүү секторун реформалоого контракт” финансылык макулдашуусунун шарттарынын үчүнчү траншынын индикаторлорунун аткарылышы боюнча Евробиримдиктин атайын баалоо жана мониторинг жүргүзүү миссиясынын отчёту талкууланды.
Автор: Эл аралык кызматташтык жана инвестициялар бөлүмү (ЭАКИБ)
26 Август 2021 ж. 21:58 1477
Туруктуу өнүгүүгө жетишүү үчүн Евробиримдик 100 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын улуттук бюджетин колдойт. 2020 -жылы Евробиримдик Кыргызстанга социалдык секторду жана билим берүүнү колдоо үчүн 24,8 миллион евро грант бөлгөн. Колдоонун максаты Covid-19дун социалдык жана экономикалык таасирин азайтуу жана бюджеттин тартыштыгын азайтуу болгон. Колдоонун аркасында, башка нерселер менен катар, Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин билим берүү мекемелеринин 17 915 кызматкерине эмгек акы төлөндү (2020 -жылдын июлунда 137,1 миллион сом). Окуу китептерин сатып алууга 69 миллион сом жумшалды.
Автор: «Кыргыз Республикасында билим берүү тармагын колдоо» долбоору
25 Август 2021 ж. 12:19 2304
2021-жылдын 23-августунан 10-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 7-11-класстардын мугалимдерин математикалык жана табигый илимий билим берүү багыттарынын предметтик стандарттарына окутуу үчүн жыйынтыктоочу окуу иш-чараларын өткөрүүдө. Бул тренингдер 2018-жылдан 2021-жылга чейин өлкөнүн бардык региондорунда 7-11-класстардын 10 000 предметтик мугалимин масштабдуу окутууну камтыйт.
Автор: "Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
24 Август 2021 ж. 15:58 1855
2021-жылдын 18-19-августунда Советтер Союзунун баатыры, генерал-майор Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейине тапшыруучу талапкерлер үчүн компьютердик тестирлөө өткөрүлдү.
Автор: Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти
20 Август 2021 ж. 18:51 2573
Мария Сколодовская Кюри атындагы стипендиялык программа ядролук тармакта магистр даражасына окуп жаткан студенттерге стипендия, ошондой эле Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) көмөгү менен такшалтмадан өтүү мүмкүнчүлүгүн берет.
Автор: Эл аралык кызматташтык жана инвестициялар бөлүмү (ЭАКИБ)
19 Август 2021 ж. 17:12 1873
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги «Ала-Тоо» эл аралык университети менен биргеликте 2021-жылдын 23-августунда «Ала-Тоо» эл аралык университетинин базасында саат 9-00до «Татыктуу тарбия жана сапаттуу билим берүү – өлкөнүн өнүгүшүнүн жана өркүндөшүнүн өбөлгөсү» аталышында билим берүүнүн бардык баскычтарынын кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн республикалык кеңешме өткөрөт.
Автор: Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору
18 Август 2021 ж. 14:54 2095
Ушул жылдын 9-августунан 13-августуна чейин «Орус тили Кыргызстанда – жаңы мейкиндиктер» сынагынын жеңүүчүлөрү болгон 10 мугалим Москвада жүрүп келди.
Автор: Эл аралык кызматташтык жана инвестициялар бөлүмү (ЭАКИБ)
16 Август 2021 ж. 18:42 1831
Бүгүн министр Болотбек Купешев тагдырдын оор сыноосуна кабылган Нурилло Мухамеджановду кабыл алды. Жолугушуу министрдин демилгеси менен уюштурулду.
Автор: Борбордук аппарат
13 Август 2021 ж. 20:10 2399
Урматтуу журналисттер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги эртең, 13-августта, "Кабар" маалымат агенттигинин пресс-борборунда жаңы окуу жылынын башталышы боюнча маалымат жыйынын өткөрөт.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
12 Август 2021 ж. 18:59 2355