Болотбек Купешев тагдырдын оор сыноосуна кабылган Нурилло Мухамеджановду кабыл алды

Автор: Борбордук аппарат

13 Август 2021 ж. 20:10

Көрүлдү: 1857

Бүгүн министр Болотбек Купешев тагдырдын оор сыноосуна кабылган Нурилло Мухамеджановду кабыл алды. Жолугушуу министрдин демилгеси менен уюштурулду.

post.title

Бишкек шаарында жашап, иштеген 36 жаштагы Нурилло Мухамеджанов мындан бир ай мурун 30 жаштагы өмүрлүк жарынан мезгилсиз айрылган. Орду толгус оор жоготуу жаш үй-бүлө мүчөлөрүнүн катарына жаңы төрөлгөн ымыркай келип кошулгандан көп өтпөй орун алган. Жазмышка аргасыз моюн сунган Нурилло Мухамеджанов жаңы төрөлгөн ымыркайын жакын тууганына каратып, 3 жашар кызын Бишкек шаарынын Свердлов районундагы мамлекеттик бала бакчага электрондук кезекке коймокчу болгон. Бирок техникалык себептерден улам анын бул тилеги дароо орундалган эмес. Мындан улам ал райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкеринин аракетине нааразылыгын жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу билдирип, бул маселеге тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилигинин көңүл буруусун суранган.

Жолугушуу маалында Болотбек Купешев Нурилло Мухамеджановго көңүл айтып, райондук билим берүү бөлүмүндө ага карата жасалган мамиле үчүн кечирим сурады. Министр бул окуяга байланыштуу бардык материалдар тыкыр иликтенип, күнөөлүүлөр тийиштүү жазасын аларын билдирди. Ошону менен бирге Болотбек Купешев министрлик Нурилло Мухамеджановдун үй-бүлөсүнө мыйзам чегинде көмөктөшүүгө даяр экенин айтты.

Өз кезегинде Нурилло Мухамеджанов атайын чакырып, ал-жай сураганы үчүн министрликтин жетекчисине рахмат айтып, анын көздөгөнү адилеттүүлүк экенин баса белгиледи.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар