Башталгыч билим берүүнүн предметтик стандарттарынын болжолдуу варианттары иштелип чыкты

Автор: Кыргыз билим берүү академиясы

27 Август 2021 ж. 16:45

Көрүлдү: 1498

2021-жылдын 23-25-августунда Токмок шаарында башталгыч билим берүүнүн предметтик стандарттарын иштеп чыгуу боюнча семинар болуп өттү. Иш-чара Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун колдоосу менен уюштурулду.

post.title

Семинарга жумушчу топтун мүчөлөрү – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун, жогорку окуу жайлардын  өкүлдөрү, ошондой эле мугалимдер жана эксперттер катышышты.

Семинарда аталган предметтердин концепциялары, предметтик компетенттүүлүктөр жана окутуу деңгээлдери боюнча билим берүүнүн натыйжалары талкууланды. Формативдик баалоонун ролун күчөтүү жана натыйжаларга багыт алуу менен байланышкан башталгыч мектептеги баалоого карата ыкмалар макулдашылды.

Семинардын жыйынтыктары боюнча стандарттардын болжолдуу варианттары ийине жеткирилгенден кийин башталгыч билим берүүнүн кайра каралып чыккан предметтик стандарттары министрликке тапшырылат.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө карата «Кыргыз тили жана адабияты», «Русский язык и чтение», «Математика», «Мен жана дүйнө» сабактары боюнча башталгыч мектеп үчүн предметтик стандарттардын болжолдуу варианттары иштелип чыккан.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар