Мария Сколодовская Кюри атындагы стипендиялык программа студенттерге эң сонун мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт

Автор: Эл аралык кызматташтык бөлүмү

19 Август 2021 ж. 17:12

Көрүлдү: 1242

Мария Сколодовская Кюри атындагы стипендиялык программа ядролук тармакта магистр даражасына окуп жаткан студенттерге стипендия, ошондой эле Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) көмөгү менен такшалтмадан өтүү мүмкүнчүлүгүн берет.

post.title

Тандалып алынган студенттер окуу акысын төлөөгө 20 000 еврого чейин, магистратурада окуп жаткан мезгилде жан сактоого 20 000 еврого чейин алышат.

Алгылыктуулук критерийлерине ылайык келгендерге MSCFP МАГАТЭ өтүнмөсүнүн онлайн-формасын пайдаланып өтүнмө берүү сунушталат.

Онлайн-өтүнмөнү берүү мөөнөтү 2021-жылдын 30-сентябрында Вена убактысы боюнча 23:59да аяктайт.

Өтүнмөлөрдү тапшыруунун жол-жобосу жана талапкерлерге коюлган талаптар боюнча толугураак маалымат www.iaea.org/MSCFP сайтында турат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар