Министрликте илимди, инттелектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүдөгү ведомстволор аралык кызматташтык маселелери талкууланды

Автор: Илим жана инновациялар башкармалыгы

27 Август 2021 ж. 18:00

Көрүлдү: 1108

Бүгүн, 2021-жылдын 27-августунда, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент), Кыргыз Республикасынын Илимдер улуттук академиясынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялоо комиссиясынын жетекчилеринин жолугушуусу болуп өттү.

post.title

Жолугушууга билим берүү жана илим министринин орун басары Айгүл Абдраева, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору Рахат Керимбаева, Илимдер улуттук академиясынын президенти Мурат Жуматаев жана Жогорку аттестациялоо комиссиясынын төрайымы Бакыт Тыналиевалар катышышты.

Айгүл Абдраева илим жаатында өз ара аракеттенүү максатында түзүмдөрдүн жетекчилерин интеграциялоо зарылчылыгын белгиледи.

Тараптар илимди, интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүдөгү ведомстволор аралык кызматташтык маселелерин, анын ичинде 2022-2025-жылдарга интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатындагы улуттук стратегияны иштеп чыгып, кабыл алынышын камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын сереби: туруктуу өнүгүү үчүн инновациялар аталышындагы документте камтылган сунуштамаларды (жаш окумуштуулардын илимий жана инновациялык ишмердүүлүгүн колдоо жана илгерилетүү боюнча биргелешкен программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу, илимий-изилдөө мекемелерин каржылоо механизмин өркүндөтүү, студенттердин илимий-изилдөөчүлүк жана өндүрүштүк ишмердүүлүгүнө интеграциялоого багытталган билим берүү процессин жакшыртуу) ишке ашыруу боюнча жол картасын илгерилетүү маселелерин карап чыгышты.   

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар технологияларды илим, билим уюмдарына которууну, анын ичинде жогорку окуу жайлар аралык инновациялык кластерлерди түзүү менен технологияларды жана технопарктарды которуу борборлорун өнүктүрүүнү камсыз кыла турган инфраструктураны өнүктүрүү боюнча бир нече биргелешкен иш-чараларды ишке ашырышарын белгилешти.   

Жолугушуунун соңунда катышуучулар илимди жана инновацияларды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешип, өлкөдөгү илимий жана инновациялык өсүшкө өбөлгө түзө турган резолюцияны кабыл алышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар