Евробиримдик Кыргызстандын билим берүү секторун реформалоого финансылык колдоо көрсөтүүдө

Автор: Эл аралык кызматташтык бөлүмү

26 Август 2021 ж. 21:58

Көрүлдү: 954

Бүгүн, 2021-жылдын 26-августунда, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде Кыргыз Республикасы менен Евробиримдиктин ортосунда кол коюлган “Билим берүү секторун реформалоого контракт” финансылык макулдашуусунун шарттарынын үчүнчү траншынын индикаторлорунун аткарылышы боюнча Евробиримдиктин атайын баалоо жана мониторинг жүргүзүү миссиясынын отчёту талкууланды.

post.title

Талкууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Экономика жана финансы министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин жооптуу кызмат адамдары, Евробиримдиктин Кыргыз Республикасындагы элчилигинин, Азия өнүктүрүү банкынын жана Дүйнөлүк банктын долбоорлорунун кызматкерлери, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрү катышышты.

Отчёт жакын арада Евробиримдиктин Брюсселдеги (Бельгия) кеңсесине жөнөтүлөт.

Жогоруда белгиленген финансылык макулдашуунун алкагында 2019-2021-жылдарга Кыргызстандын республикалык бюджетин колдоого 32 млн. евро бөлүнгөн. Анын ичинен 7,7 млн. евро суммасындагы соңку үчүнчү транш үчүнчү транштын индикаторлорунун аткарылышы тууралуу отчёттун негизинде 2021-жылы мамлекеттик бюджетке грант түрүндө түшөт деп күтүлүүдө.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар