Бишкекте «Татыктуу тарбия жана сапаттуу билим берүү – өлкөнүн өнүгүшүнүн жана өркүндөшүнүн өбөлгөсү» аталышында республикалык кеңешме өтөт

Автор: Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору

18 Август 2021 ж. 14:54

Көрүлдү: 1436

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги «Ала-Тоо» эл аралык университети менен биргеликте 2021-жылдын 23-августунда «Ала-Тоо» эл аралык университетинин базасында саат 9-00до «Татыктуу тарбия жана сапаттуу билим берүү – өлкөнүн өнүгүшүнүн жана өркүндөшүнүн өбөлгөсү» аталышында билим берүүнүн бардык баскычтарынын кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн республикалык кеңешме өткөрөт.

post.title

Республикалык кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Аскарова Айнура Аскарбековна, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мусаев Сыртбай Жолдошевич, КР Президентинин администрациясынын жарандык коом институттары менен өз ара аракеттенүү, дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча бөлүмүнүн эксперти Тажиматов Санжар Камбарович, КР билим берүү жана илим министринин орун басары Абдраева Айгүл Төлөковналар катышып, сөз сүйлөшөт. Ошону менен катар республикабыздын бардык аймагынан келген мектепке чейинки билим берүү, жалпы орто билим берүү, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын кыргыз тили жана адабияты мугалимдери катышышат.

Пленардык жыйында кыргыз тилин эне тили, экинчи тил катары окутуунун өркүндөтүлгөн концепциясынын долбоору, кыргыз адабиятын окутуунун актуалдуу маселелери, көп тилдүү билим берүү, «Манас» эпосун окутуу, кыргыз тилинде китеп чыгаруу маселелери, «Улут» мобилдик тиркемеси жана анын мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү ролу тууралуу баяндамалар жасалат. Андан соң бир катар багыттарды камтыган 8 секцияда мугалимдер иш алып барып, тажрыйба бөлүшүү менен көйгөйлүү маселелерди талкуулашат.

Жыйынтыгында кеңешменин резолюциясы кабыл алынат.

Кошумча маалымат алуу үчүн министрликтин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Ибраимова Гүлнара Үмөтбековнага кайрылсаңыздар болот.

Тел.: (0312) 663898, (0705) 280173, (0990) 904404

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар