«Орус тили Кыргызстанда – жаңы мейкиндиктер» сынагынын жеңүүчүлөрү Москванын ажайып жайларын көрүп келишти

Автор: Эл аралык кызматташтык бөлүмү

16 Август 2021 ж. 18:42

Көрүлдү: 1306

Ушул жылдын 9-августунан 13-августуна чейин «Орус тили Кыргызстанда – жаңы мейкиндиктер» сынагынын жеңүүчүлөрү болгон 10 мугалим Москвада жүрүп келди.

post.title

Алар үчүн 5 күндүн ичинде бай саякат программасы уюштурулду. Алар Россиянын баш калаасынын эң башкы ажайып жайлары менен таанышып, эстен кеткис таасирлерди алышты.

Сынак Кыргызстандын жалпы билим берүүчү окуу жайларда иштеген орус тили жана адабияты мугалимдери үчүн 2019-жылдын 1-декабрынан 2021-жылдын 1-июлуна чейинки мезгилде өткөрүлүп, бир нече этаптан турган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар