Министрлик мугалимдерди предметтик билим берүү стандарттарына окутууда

Автор: "Секторду өнүктүрүү программасы: мектептик билим берүүнү реформалоо" долбоору

24 Август 2021 ж. 15:58

Көрүлдү: 1265

2021-жылдын 23-августунан 10-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 7-11-класстардын мугалимдерин математикалык жана табигый илимий билим берүү багыттарынын предметтик стандарттарына окутуу үчүн жыйынтыктоочу окуу иш-чараларын өткөрүүдө. Бул тренингдер 2018-жылдан 2021-жылга чейин өлкөнүн бардык региондорунда 7-11-класстардын 10 000 предметтик мугалимин масштабдуу окутууну камтыйт.

post.title
Тренингдер салттуу офлайн режиминде санитардык-эпидемиологиялык нормаларга ылайык жүргүзүлөт. Ошол эле учурда 2020-жылдын ичинде предметтик стандарттар боюнча тренингдер онлайн режиминде өткөрүлгөнүн белгилей кетүү керек.
Тренингдердин жүрүшүндө мугалимдер Мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптары, негизги компетенциялар жана алардын жетишүү деңгээлдери, предметтик билим берүү стандарты менен сабактын планынын ортосундагы байланыш маселелери, ошондой эле класста колдонулуучу методдору жана ыкмалары менен таанышат.
Окууга Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облустарынын билим берүү уюмдарынын математика, физика, химия, биология жана география мугалимдери катышууда.
Тренингдерди техникалык жана финансылык жактан колдоо Азия өнүктүрүү банкы каржылаган “Секторду өнүктүрүү программасы: Билим берүү системасын бекемдоо” долбоорунун алкагында жүзөгө ашырылууда. 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар