2021-жылдын 30-сентябрында жана 1-октябрында Бишкек шаарында «Жылдын мыкты тарбиячысы» кароо-сынагынын финалдык туру өткөрүлдү. Сынактын жыйынтыгында Ош шаарындагы № 61 «Ак каркыра» бала бакчасынын тарбиячысы Маргарита Нагаева жеңүүчү аталды.
Автор: Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы (МЧБББ)
5 Октябрь 2021 ж. 22:33 2523
2021-жылдын 30-сентябрында жана 1-октябрында Бишкек шаарында «Жылдын мыкты мугалими» кароо-сынагынын финалдык туру өткөрүлдү. Жыйынтыгында эн көп упай топтогон Ош шаарынын № 52 «Кыргыз-түрк достугу» мектеп-лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Илгиз Шамырзаев жеңүүчү деп табылды.
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
5 Октябрь 2021 ж. 22:25 2051
30 жылдан ашуун убакыттан бери ардактуу кесипти аркалап келе жаткан тажрыйбалуу мугалимдер «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланышты.
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
5 Октябрь 2021 ж. 22:10 2098
Бүгүн «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда Мугалимдер күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашева, Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги, ошондой эле өлкөнүн билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана кызматкерлери катышышты.
Автор: Борбордук аппарат
5 Октябрь 2021 ж. 22:00 1511
2021-жылдын 27-28-сентябрында Бишкек шаарында өткөрүлгөн Интернетти башкаруу боюнча Борбор Азиялык форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуров менен Казакстан Республикасынын санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмикалык өнөр жай министри Багдат Мусиндин жолугушуусу болуп өттү.
Автор: Борбордук аппарат
30 Сентябрь 2021 ж. 19:48 1628
Бүгүн Бишкек шаарынын А. Молдокулов атындагы Инновациялык технологиялар улуттук мектеп-лицейинин базасында «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» сынагынын жыйынтыктоочу этабы өтүп жатат. Ага буга чейинки үч сынактын: райондук/шаардык жана областтык этаптардын жеңүүчүлөрү катышууда.
Автор: Борбордук аппарат
30 Сентябрь 2021 ж. 16:22 1493
2021-жылдын 30-сентябрында жана 1-октябрында Бишкек шаарында «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» сынактарынын республикалык этабы өткөрүлөт.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
29 Сентябрь 2021 ж. 19:04 1592
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 15 жаштагы окуучуларды PISA – 2025 – Билим жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык программага катышууга даярдоо үчүн аракеттердин планын талкуулаган тегерек стол өткөрдү. Иш-чара 28-29-сентябрда Бишкек шаарында болуп өттү.
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
29 Сентябрь 2021 ж. 17:29 2528
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги аймактык түзүмүндөгү төмөнкү административдик мамлекеттик кызмат орунуна сынак жарыялайт: Нарын облусунун Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы (Г-Б) – 1 орун.
Автор: Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү (АРББ)
27 Сентябрь 2021 ж. 17:01 1483
Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев жана министрликтин статс-катчысы Калысбек Шадыханов иш сапары менен Ысык-Көл облусун кыдырып келишти.
Автор: Борбордук аппарат
27 Сентябрь 2021 ж. 10:12 1331
Ушул жылдын 21-сентябрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде “School of Practical Science” аталышындагы студенттер арасында интеллектуалдык жана өндүрүштүк ишмердүүлүктү жайылтуу боюнча илим-билим долбоорунун программасынын бет ачары болду.
Автор: Илим жана инновациялар башкармалыгы
24 Сентябрь 2021 ж. 12:11 1576
2-класстардын окуучулары үчүн “Мекен таануу” окуу китеби 2004-жылы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 27-декабрындагы № 2648-V “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни жөнүндө” токтому чыкканга чейин, жарыкка көргөн. Китепке окуу китебинин автору З. Мамбетованын демилгеси боюнча өзгөртүүлөр киргизилген гимндин экинчи куплети басылган.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
24 Сентябрь 2021 ж. 10:41 2141
Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев иш сапары менен Нарын облусуна барды. Бүгүн ал Нарын шаарында облустун билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Анда негизинен облустагы мектептердин абалы, окутуунун сапаты талкууланды.
Автор: Борбордук аппарат
22 Сентябрь 2021 ж. 20:15 1811
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Reporter.kg маалымат агенттигинин Купешев Болотбек Душековичке кылмыш иши козголгондугу тууралуу билдирүүсүн (https://reporter.kg/ru/bilim-beryy-ministri-kupeshovgo-kylmysh-ishi-kozgoldu/) төгүндөйт.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
20 Сентябрь 2021 ж. 23:00 1713
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү буйругунун долбоору иштелип чыккан.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
20 Сентябрь 2021 ж. 20:50 1762