7-февралда Бишкекте ысык тамак уюштуруу үчүн шарттары жок авариялык абалдагы мектептердин ашканаларын изилдөөнүн жыйынтыктары талкууланды. Иш-чарага БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Министрлер Кабинетинин алдындагы Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү катышышты.
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
7 Февраль 2022 ж. 21:00 1932
2022-жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Айгүл Абдраева Венгриянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Шандор Дороги менен жолугушту.
Автор: Илим жана инновациялар башкармалыгы
7 Февраль 2022 ж. 20:18 1977
2022-жылдын 7-февралынан 12-февралына чейин Кыргызстандын мектеп окуучулары үчүн Республикалык илим, техника жана өндүрүш жумалыгы өткөрүлөт. 10 жылдан ашык убакыттан бери Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана «Алтын түйүн» улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы өлкөдө окуучу жаштар үчүн илимий изилдөөлөрдүн жана өндүрүштүн кызыктуу дүйнөсүн ачуу максатында Жумалык өткөрүп келет.
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
5 Февраль 2022 ж. 21:03 1935
2022-жылдын 15-январына карата республиканын мектептеринде 929 мугалим жетишсиз.
Автор: Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү (АРББ)
5 Февраль 2022 ж. 16:55 2952
Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен Кыргыз Республикасында “Бирдей экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жана жаштардын туруктуулугун илгерилетүү” долбоорун ишке ашыруу башталды (Санарип инсан).
Автор: «Кыргыз Республикасында билим берүү тармагын колдоо» долбоору
5 Февраль 2022 ж. 1:50 960
2022-жылдын 24-25-январында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунда “Гигиена тармагында башталгыч класстардын окуучуларынын/мектепке чейинки курактагы (5-6 жаштагы) балдардын турмуштук көндүмдөрүн калыптандыруу жана өнүктүрүү” темасында семинар-тренинг өткөрүлдү.
Автор: Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту
1 Февраль 2022 ж. 13:56 1087
2022-жылдын 5-январында Математика боюнча республикалык олимпиаданын II этабы Кыргыз-Швед математикалык мектебинин базасында өткөрүлдү.
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
1 Февраль 2022 ж. 12:06 2544
2022-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Айгүл Абдраева Кыргызстан эл аралык университетинде болуп өткөн PhD программасын өнүктүрүү боюнча семинарга катышты.
Автор: Илим жана инновациялар башкармалыгы
28 Январь 2022 ж. 20:12 1814
2022-жылдын 27-январында Кыргыз эл аралык универсалдык колледжинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү аталган окуу жайдын студенттеринин диний мазмундагы материалдар тууралуу видеокайрылуусун текшерүү боюнча студенттер, окутуучулар, ата-энелер менен жолугушуу өткөрдү.
Автор: Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгы
28 Январь 2022 ж. 17:18 1563
Министр Болотбек Купешев 27-январда Билим берүү жана илим министрлигинин алдына митингге чыккан жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровду кабыл алды. Жолугушууда жарандык активист соңку мезгилде коомчулуктун көңүлүн буруп жаткан окуяга, Аламүдүн районундагы Лебединовка орто мектебинин тарых мугалими менен 8-класстын окуучусунун ортосунда орун алган окуяга, байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.
Автор: Борбордук аппарат
28 Январь 2022 ж. 16:26 1847
2022-жылдын 26-январында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Квалификациялар улуттук системасы талкууланды.
Автор: Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
27 Январь 2022 ж. 20:37 1536
2022-2023-окуу жылынан баштап республиканын бардык билим берүү уюмдарына мектеп жашындагы (6-7 жаштагы) балдарды кабыл алуу «Электрондук каттоо» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу ишке ашырылат.
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
27 Январь 2022 ж. 16:32 4067
Туруктуу өнүгүүгө жетишүү максатында Европа Биримдиги 100 өлкөнүн улуттук бюджетин колдоп келет. Алардын арасында биздин Кыргызстан дагы бар. Евробиримдик өнөктөш мамлекеттердин жарандарынын жашоо шартын жакшыртуу үчүн бюджеттик колдоо көрсөтүп келет.
Автор: «Кыргыз Республикасында билим берүү тармагын колдоо» долбоору
26 Январь 2022 ж. 21:42 1111
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги "2022-2023-окуу жылына карата мектепке электрондук жазылуу" темасында маалымат жыйынын өткөрөт. Жыйын эртең, 26-январда саат 11.00дө, "Кабар" маалымат агенттигинин пресс-борборунда болот.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
25 Январь 2022 ж. 20:36 1922
2022-жылдын 25-январында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Айгүл Абдраева Германиянын эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) “Борбордук Азиядагы экономикалык өнүгүүнүн секторлору үчүн кесиптик билим берүү” долбоорунун жетекчиси Рольф Петер жана И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев менен жолугушуу өткөрдү.
Автор: Илим жана инновациялар башкармалыгы
25 Январь 2022 ж. 20:26 1470