Бүгүн, 24-ноябрда, Билим берүү жана илим министрлигинде “Келечек үчүн билим берүү” долбоорун ишке ашырууда колдонулуучу Дүйнөлүк банктын социалдык жана экологиялык коргоо чаралары менен тааныштыруу семинары өткөрүлдү.
Автор: Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы (МЧБББ)
24 Ноябрь 2021 ж. 18:21 1398
2021-жылдын 24-ноябрында видеоконференцбайланыш режиминде Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси үчүн кадрларды даярдоо жаатында өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү боюнча меморандумдун долбооруна кол коюу аземи болду.
Автор: Эл аралык кызматташтык жана инвестициялар бөлүмү (ЭАКИБ)
24 Ноябрь 2021 ж. 17:54 2101
Россотрудничествонун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ортосунда мурда жетишилген макулдашуулардын алкагында ушул жылдын декабрь айында башкалгыч класстардын мугалимдери жана физика, химия, биология, орус тили жана математика мугалимдери үчүн квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрүү пландалууда.
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
23 Ноябрь 2021 ж. 12:41 1929
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги “Мекен таануу” предмети боюнча 3-класс үчүн жумушчу дептердеги Баткен областынын контурларынын сүрөтүндөгү так эместиктер боюнча төмөнкүлөрдү билдирет.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
23 Ноябрь 2021 ж. 12:26 2464
2021-жылдын 22-ноябрында Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун биринчи форуму болуп өттү. Форум Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын университеттеринин ассоциациясы тарабынан уюштурулду. Иш-чарага Казакстандын ири университеттеринин бири - Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин ректору, академик Е. Сыдыков башында турган Казакстан Республикасынан ректорлорунун чоң делегациясы келип катышты.
Автор: Илим жана инновациялар башкармалыгы
23 Ноябрь 2021 ж. 11:07 1555
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жаңы жетекчилиги келер менен, 2021-жылдын май айында, башталгыч кесиптик билим берүү мекемелеринин (мындан ары – лицей) ишине анализ жана мониторинг жүргүзүү боюнча иш башталды.
Автор: Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы (БКБББ)
20 Ноябрь 2021 ж. 18:53 2000
2021-жылдын 19-ноябрында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууга Борбордук Азия боюнча глобалдык өнөктөштүктүн (GPE) координатору Мохаммад Тарик Хан да катышты.
Автор: Борбордук аппарат
19 Ноябрь 2021 ж. 15:42 1684
Бүгүн, 18-ноябрда, Бишкекте Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев менен Татарстан Республикасынын билим берүү жана илим министри Ильсур Хадиуллиндин жолугушуусу болуп өттү.
Автор: Эл аралык кызматташтык жана инвестициялар бөлүмү (ЭАКИБ)
18 Ноябрь 2021 ж. 20:35 1612
Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында Кыргызстан боюнча кыска мөөнөттүү 500 бала бакча ачат. Мындай бакчалар мектепке чейинки билим берүү уюмдары менен камтуу төмөн болгон, алыскы аймактарда уюштурулат. Баланы эрте өнүктүрүүнүн экономикалык жактан күчтүү жана адилеттүү коом курууга кандай тиешеси бар? Түшүндүрөбүз.
Автор: Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
18 Ноябрь 2021 ж. 16:28 1995
Мерсико АКШнын Айыл чарба департаменти (USDA) каржылаган МакГоверн-Доулдун «Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу» жаңы беш жылдык программасы аркылуу Кыргызстандагы мектептерди тамактандырууну колдоону улантат. Программанын расмий ачылышы 2021-жылдын 18-ноябрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде Президенттин Администрациясынын, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн жана АКШнын Убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултердин катышуусунда өттү.
Автор: Борбордук аппарат
18 Ноябрь 2021 ж. 16:18 1991
Бүгүн, 17-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде Ильшат Гафуров жетектеген Казан (Приволжск) федералдык университетинин делегациясы менен министрликтин жетекчилигинин жолугушуусу болуп өттү.
Автор: Эл аралык кызматташтык жана инвестициялар бөлүмү (ЭАКИБ)
17 Ноябрь 2021 ж. 21:29 1106
“Мектептин отуз жылдап жыйылган көйгөйлөрүн чечүүгө биргелешип күч жумшайлы”, – деди министр Б. Купешев Чүй облусунун Аламүдүн районундагы мектеп директорлору менен болгон жолугушууда.
Автор: Борбордук аппарат
17 Ноябрь 2021 ж. 18:28 1663
Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматы боюнча, 2021-жылдын 16-ноябрынан 17-ноябрына караган түнү саат 12.00 чамасында М. Абдыжапаров атындагы орто мектептин кошумча корпусунун чатырынан өрт чыккан. Өрттүн натыйжасында имарат толук күйүп кеткен.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
17 Ноябрь 2021 ж. 17:01 940
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевдин мугалимдер журту менен кезектеги жолугушуусу Ысык-Ата районунда өттү. Ал райондогу мектеп директорлору менен жылуу учурашып, бүгүнкү күндөгү эң көйгөйлүү маселени – сапаттуу билим менен сапаттуу тарбия берүү маселесин биргелешип талкуулоо үчүн жолугушууга атайын келгенин айтты.
Автор: Борбордук аппарат
16 Ноябрь 2021 ж. 11:36 1142
КР Билим берүү жана илим министри Б. Купешев Чүй облусунун мектеп директорлору менен жолугушууну улантууда. Ал Кемин районундагы мектеп директорлору менен жолугушуусунда билим берүү тармагында болуп жаткан ийгиликтерди, кемчиликтерди талкуулап, биргелешип чечүү, алдыдагы максат-талаптарды аныктоо үчүн жакындан таанышуу максаты бар экенин билдирди.
Автор: Борбордук аппарат
16 Ноябрь 2021 ж. 10:36 1031