Кыргызстандын билим берүү тармагына инвестиция тартуу үчүн Катар кайрымдуулук фондунун жетекчилиги менен түз байланыш түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин имаратында аталган Фонддун Глобалдык программалар офисинин башкы директору Наваф Абдулла Аль-Хаммади мырза менен жолугушуу өткөрүлдү.
Автор: Эл аралык кызматташтык жана инвестициялар бөлүмү (ЭАКИБ)
16 Сентябрь 2021 ж. 16:20 1462
Бүгүн "Кабар" маалымат агенттигинин пресс-борборунда "Жалпы билим берүү уюмдарынын жана кесиптик окуу жайлардын жаңы 2021-2022-окуу жылына даярдыгы" темасында маалымат жыйыны өткөрүлдү. Ага Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова, министрликтин жогорку жана орто кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлмира Абылкасымова, мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев, мектепке чейинки билим берүү жана мектепке даярдоо башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова, бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгынын башчысы Акыйкат Баймуратова, мамлекеттик сатып алуулар жана инфраструктура бөлүмүнүн башчысы Бакыт Кадыркулов, Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева катышты.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
13 Сентябрь 2021 ж. 21:21 1398
Бүгүн Бишкек шаарында «Башталгыч кесиптик билим берүүнү реформалоо» аталышында тегерек стол өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашева, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы Галина Байтерек, ошондой эле министрликтердин жетекчилери жана жооптуу кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы өкүлдөрү, кесиптик лицейлердин жетекчилери, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ишкерлер жана фермерлер катышты.
Автор: Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы (БКБББ)
9 Сентябрь 2021 ж. 20:09 1744
7-сентябрда Бишкек шаарындагы «Газпром Кыргызстан мектебинин» базасында Кыргыз Республикасынын педагогикалык кызматкерлеринин жана билим берүү системасынын жетекчилеринин конференциясы өткөрүлдү.
Автор: Борбордук аппарат
9 Сентябрь 2021 ж. 18:52 1696
«Камкорчулар кеңеши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жалпы билим берүүчү уюмдарда ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргызстандагы Ага Хан Фонду республика боюнча 400 улуттук тренерди даярдоо боюнча иш-чараларды өткөрө баштады.
Автор: Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы (МЧБББ)
9 Сентябрь 2021 ж. 18:39 1515
Эртең, 2021-жылдын 7-сентябрында, Бишкек шаары, Токомбаев көчөсү, 23/11 дарегинде жайгашкан «Газпром Кыргызстан мектебинин» базасында Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын педагогикалык кызматкерлеринин жана жетекчилеринин конференциясын өткөрүү пландалууда. Конференциянын темасы: «Сапаттуу билим жана руханий адеп-ахлактык тарбия – өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи». Башталышы: саат 10.00.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
6 Сентябрь 2021 ж. 18:39 1354
«Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу» (ERIK) долбоорунун алкагында тандалып алынган Бабалашкар атындагы №125 мектепте (Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айылы), Сары-Алтын мектебинде (Баткен облусунун Кадамжай районундагы Сары-Алтын айылы) жана Нинакан Жүндүбаева атындагы мектепте (Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылы) долбоордук аймакты комплекстүү изилдөө иштери башталды.
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
3 Сентябрь 2021 ж. 21:08 1648
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын жакын жайгашкан эки мектебиндеги окуучулардын контингентин азайтуу, алыскы айылдарда (мисалы, Эңилчек айылы) жашаган балдардын, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим алуусун уюштуруу максатында Ак-Суу балдар үйүнүн базасында жалпы билим берүүчү мектеп-интернат ачылды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
3 Сентябрь 2021 ж. 19:00 1523
Билим берүү жана илим министрлиги балдары алгачкы жолу мектеп босогосун аттап жаткан ата-энелерди ашыкча убаракерчиликтен арылтуу максатында Мектепке электрондук жазылуу (https://mektep.edu.gov.kg/) порталы боюнча мониторинг жүргүзүп, Бишкек шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык мектептердеги квоталар (бош орундар) тууралуу маалыматтарды чогултту.
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
3 Сентябрь 2021 ж. 17:06 8952
Бүгүн Бишкек шаарында “Мектептердеги окуу чөйрөсүн жакшыртуу” долбоорунун алкагында республиканын ар кайсы аймактарындагы 10 мектепке мектеп жабдууларын тапшыруу аземи болуп өттү.
Автор: Борбордук аппарат
2 Сентябрь 2021 ж. 19:42 1515
2021-жылдын 2-сентябрында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Билдирүү Кеңешинин илим, технология жана инновация жаатындагы кызматташтыкты күчөтүү боюнча долбоорун талкуулоо үчүн эксперттик отурум (видеоконференция аркылуу) болду.
Автор: Илим жана инновациялар башкармалыгы
2 Сентябрь 2021 ж. 18:24 1374
Бүгүн, 2021-жылдын 27-августунда, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент), Кыргыз Республикасынын Илимдер улуттук академиясынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялоо комиссиясынын жетекчилеринин жолугушуусу болуп өттү.
Автор: Илим жана инновациялар башкармалыгы
27 Август 2021 ж. 18:00 1728
2021-жылдын 23-25-августунда Токмок шаарында башталгыч билим берүүнүн предметтик стандарттарын иштеп чыгуу боюнча семинар болуп өттү. Иш-чара Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун колдоосу менен уюштурулду.
Автор: Кыргыз билим берүү академиясы
27 Август 2021 ж. 16:45 3121
Бүгүн, 2021-жылдын 26-августунда, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде Кыргыз Республикасы менен Евробиримдиктин ортосунда кол коюлган “Билим берүү секторун реформалоого контракт” финансылык макулдашуусунун шарттарынын үчүнчү траншынын индикаторлорунун аткарылышы боюнча Евробиримдиктин атайын баалоо жана мониторинг жүргүзүү миссиясынын отчёту талкууланды.
Автор: Эл аралык кызматташтык жана инвестициялар бөлүмү (ЭАКИБ)
26 Август 2021 ж. 21:58 1415
Туруктуу өнүгүүгө жетишүү үчүн Евробиримдик 100 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын улуттук бюджетин колдойт. 2020 -жылы Евробиримдик Кыргызстанга социалдык секторду жана билим берүүнү колдоо үчүн 24,8 миллион евро грант бөлгөн. Колдоонун максаты Covid-19дун социалдык жана экономикалык таасирин азайтуу жана бюджеттин тартыштыгын азайтуу болгон. Колдоонун аркасында, башка нерселер менен катар, Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин билим берүү мекемелеринин 17 915 кызматкерине эмгек акы төлөндү (2020 -жылдын июлунда 137,1 миллион сом). Окуу китептерин сатып алууга 69 миллион сом жумшалды.
Автор: «Кыргыз Республикасында билим берүү тармагын колдоо» долбоору
25 Август 2021 ж. 12:19 2257