Автор: Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы
3 Март 2022 ж. 19:59
Көрүлдү: 1051
Бүгүн өлкөнүн бардык бала бакчаларында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнүнө арналган салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлдү.
Мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгынын урматына бала бакчаларда желектер жаңыланып, салтанаттуу жүрүштөр уюштурулду, тайпаларда мекенчилдикке тарбиялоо боюнча ачык сабактар өтүлдү.