2022-жылдын 2-апрелинде Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейдин “Келечек” багында 300 көчөт отургузулду.
Автор: Борбордук аппарат
2 Апрель 2022 ж. 19:19 1616
2022-жылдын 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жана Өзбекстан Республикасынын эл агартуу министри Бахтиёр Саидов Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Маргун айылындагы Мурзабек Баетов атындагы орто мектептин жаңы имаратын ачышты.
Автор: Борбордук аппарат
1 Апрель 2022 ж. 19:24 1950
Алдын ала маалыматтар боюнча 2021-2022-окуу жылында 9-классты 106219 бүтүрүүчү, 11-классты 67045 бүтүрүүчү аяктайт.
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
31 Март 2022 ж. 18:00 1413
2022-жылдын 1-апрелинде 12.30дан 14.00гө чейин Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Маргун айылында Мурзабек Баетов атындагы Орто мектептин жаңы имаратынын ачылышы болот.
Автор: Борбордук аппарат
31 Март 2022 ж. 17:11 1966
2022-жылдын 23-мартынан 25-мартына чейин Бишкек шаарында «Жоокер ыры» аскердик-атуулдук ырлардын VII республикалык кароо-сынагы өткөрүлдү.
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
29 Март 2022 ж. 16:36 2257
12-мартта Биология боюнча британ олимпиадасы – 2022 болуп өттү. Быйыл олимпиадага дүйнө жүзү боюнча 700дөн ашуун мектептен 10 миңден ашуун окуучу катышты. Кыргызстандан 184 окуучу катышып, 4 алтын, 5 күмүш жана 5 коло медаль жеңип алышты.
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
29 Март 2022 ж. 15:48 2594
2022-жылдын 26-мартында 2021-2022-окуу жылынын республикалык олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Олимпиада 23-24-мартта 12 окуу предмети боюнча өтүп, ага 323 окуучу катышты. Жыйынтыгында 52 окуучу байгелүү орундарды ээлешти.
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
26 Март 2022 ж. 20:22 4335
26-мартта Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жыйындар залында Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын жабылыш аземи болду. Ага билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, министрдин орун басары Надира Джусупбекова ж.б. жетекчилер, мугалимдер, окуучулар жана алардын жакындары катышышты.
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
26 Март 2022 ж. 17:25 3303
2022-жылдын 25-мартында №109 бала бакчанын базасында Бишкек шаарынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлору үчүн тегерек стол өткөрүлдү.
Автор: Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы (МЧБББ)
26 Март 2022 ж. 11:34 1357
Билим берүү жана илим министрлигинде Квалификациялардын улуттук алкагынын негизинде мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогдорун даярдоодогу компетенциялар системасын өнүктүрүү боюнча жолугушуу болуп өттү.
Автор: Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
25 Март 2022 ж. 20:59 1641
Мектепке чейинки балалык курак – адамдын жашоосунун кичинекей бөлүгү. Бирок бул аралыкта бала өзүнүн бүткүл кийинки жашоосуна караганда алда канча көп нерсеге ээ болот, ошондуктан биз балдарыбыздын жаштайынан татыктуу билим жана тарбия алышына шарт түзүп беришибиз керек.
Автор: Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
24 Март 2022 ж. 20:06 2970
2022-жылдын 23-мартында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев АКШнын Кыргыз Республикасындагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Н. Коултер жана АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин коомчулук менен байланыштар боюнча бөлүмүнүн башчысы Шэйна Крам менен жолугушту.
Автор: Эл аралык кызматташтык жана инвестициялар бөлүмү (ЭАКИБ)
23 Март 2022 ж. 18:35 1980
2022-жылдын 11-мартынан 18-мартына чейин мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлору, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жана башкармалыктарынын башчылары жана жооптуу адистери үчүн окутуу семинары өткөрүлдү.
Автор: Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы (МЧБББ)
23 Март 2022 ж. 16:08 1500
2022-жылдын 23-мартында мектеп окуучуларынын олимпиадасынын IV (республикалык) этабы башталды. Ушуга байланыштуу бүгүн Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинде олимпиаданын ачылыш аземи болду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова катышты. Министрдин орун басары бардык катышуучуларга олимпиададагы ийгиликтерди каалады.
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
23 Март 2022 ж. 15:07 2187
Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 231 394 студент билим алса, алардын 84 пайызы мамлекеттик ЖОЖдордо окуйт.
Автор: Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгы
22 Март 2022 ж. 11:14 2580