Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев жетектеген кыргыз делегациясы ушул жылдын 4-ноябрында Стамбул шаарында болуп өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин билим берүү министрлеринин VI жолугушуусуна катышты.
Автор: Эл аралык кызматташтык жана инвестициялар бөлүмү (ЭАКИБ)
9 Ноябрь 2021 ж. 22:10 1093
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев башында турган кыргыз делегациясы Түрк академиясынын Илимий кеңешинин IV отурумуна катышты. Иш-чара ушул жылдын 4-ноябрында Стамбул шаарында болуп өттү.
Автор: Эл аралык кызматташтык жана инвестициялар бөлүмү (ЭАКИБ)
9 Ноябрь 2021 ж. 21:04 1082
Женева университети Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы кеңсеси менен биргеликте уюштурган Европа жана эл аралык башкаруу жаатындагы келечектүү изилдөө магистрдик программасы глобалдык жана аймактык башкаруу программасынын флагманы экенин далилдеген. Жогорку академиялык стандарттарды мыкты тажрыйба жана практикалык окутуу менен айкалыштыруу бүткүл дүйнө жүзүндөгү катышуучуларга башкаруу тармагына кесипкөй катары киришүүгө жана карьерасын илгерилетүүгө мүмкүнчүлүк берген.
Автор: Эл аралык кызматташтык жана инвестициялар бөлүмү (ЭАКИБ)
2 Ноябрь 2021 ж. 21:22 1716
2021-2022-окуу жылында мектеп окуучулары үчүн каникул мезгили, 5 күндүк окуу аптасын эске алганда, 29 календардык күндү түзөт.
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
2 Ноябрь 2021 ж. 15:37 1656
Өлкөнүн билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев үстүбүздөгү жылдын 29-октябрында Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районундагы Ак-Шыйрак айыл аймагына караштуу Үч-Кошкон айылындагы Талып Жамгырчиев атындагы жатак мектепке барды.
Автор: Борбордук аппарат
1 Ноябрь 2021 ж. 19:14 1366
2021-жылдын 28-октябрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин имаратында министрдин орун басары Нурлан Омуров менен Венгриянын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Шандор Дорогинин жолугушуусу болду.
Автор: Эл аралык кызматташтык жана инвестициялар бөлүмү (ЭАКИБ)
29 Октябрь 2021 ж. 22:23 1483
Съезд Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өткөрүлүп жатат. Съезддин башкы темасы – «Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин билим берүү мейкиндиги – анын туруктуу өнүгүүсүнүн стратегиялык ресурсу».
Автор: Эл аралык кызматташтык жана инвестициялар бөлүмү (ЭАКИБ)
29 Октябрь 2021 ж. 14:55 1249
Бүгүн, 28-октябрда, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Пригородный айыл аймагына караштуу Озерное айылында эки кабаттуу, 375 орундуу мектеп окуучуларга эшигин ачты.
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
28 Октябрь 2021 ж. 20:01 1247
Ушул жылдын 22-октябрында “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн кеңейтилген маалымат жыйынында “Регион” телеканалынын кабарчысы Алтынбек Бектуров Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл аймагына караштуу Селекция айылындагы мектептин курулушу бүтө жаздап калганын, бирок жылытуу системасы жасала электигине байланыштуу мектеп колдонууга берилбей, эски мектепте балдар 4-5 нөөмөт менен окууга аргасыз болуп жатканын айтып, маселени чечүүгө көңүл бурууну өтүнгөн. Президент Садыр Жапаров тийиштүү жетекчилерге бул маселени тез арада чечүүнү буюрган.
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
28 Октябрь 2021 ж. 19:58 1317
Кечээ, 25-октябрда, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Мыкан айылындагы мектептин салтанаттуу ачылыш аземи болгон. Ага мамлекет башчысы Садыр Жапаров, билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевдер катышкан. Иш-чаранын алкагында алар мектептин башталгыч классынын сабагына катышышкан.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
26 Октябрь 2021 ж. 13:03 1488
Бүгүн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Мыкан айылында жаңы курулган 300 окуучу орунга ылайыкталган мектептин ачылыш аземи болду.
Автор: Борбордук аппарат
25 Октябрь 2021 ж. 19:20 1393
2021-жылдын 25-октябрынан тартып китепканалардын базасында ачылган Балдарды өнүктүрүү борборлорунда иштеген 100 китепканачы үчүн тренингдер башталды.
Автор: Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы (МЧБББ)
25 Октябрь 2021 ж. 19:01 1481
2021-жылдын 23-октябрында Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагынын Арал-Там участкасында бир катар социалдык обьекттердин, атап айтканда, мектеп, бала бакча, ашкана, фельдшердик акушердик пункт жана мечиттин пайдубалы түптөлдү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Айгүл Абдраева, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы өкүлү Сабыркул Ашимбаев, “Катар черити” кайрымдуулук фондунун Кыргызстандагы филиалынын директору Мохамад Хомам Алсамман, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Нуридин Мадимаров жана айыл тургундары катышышты.
Автор: Илим жана инновациялар башкармалыгы
25 Октябрь 2021 ж. 15:57 1338
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 25-мартындагы №102 «Чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерге билим берүү жана улуттук маданият маселелеринде колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 3-декабрындагы №752 токтомун аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жыл сайын чет өлкөдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргызстандын жогорку окуу жайларына тандап алуу жана кабыл алуу боюнча иш жүргүзүп келе жатат.
Автор: Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгы
25 Октябрь 2021 ж. 12:50 1347
2021-жылдын 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында белгилүү мамлекеттик ишмер Төрөгелди Балтагуловдун 100 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференция өттү.
Автор: Илим жана инновациялар башкармалыгы
25 Октябрь 2021 ж. 11:17 1099