МИНИСТР ИМБДУнун ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Автор: Борбордук аппарат

19 Май 2022 ж. 20:25

Көрүлдү: 980

Бүгүн Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун өкүлдөрү менен жолукту. Анын жүрүшүндө билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү жана перспективалары, атап айтканда, жогорку окуу жайлар аркылуу кызматташуу жолдору талкууланды.

post.title

ИМБДУнун аймактык жана улуттук өнүктүрүү боюнча башкы директорунун орун басары Хасан Глейб бул максатка жетүүдө Африка, Азия-Тынч океан, Европа жана Латын Америкасынан тандалып алынган жогорку окуу жайлары менен биргеликте ишке ашырылып жаткан интеллектуалдык менчик жаатындагы магистрлерди даярдоонун биргелешкен программалары чоң мааниге ээ экенин айтты.

Алмазбек Бейшеналиев быйыл дүйнөнүн булуң-бурчтарынан 200 университеттин ректорлору катыша турган “ Туруктуу өнүктүрүү үчүн университеттик билим берүүнү жана илимдин пост-ковиддик трансформациясы” Эл аралык форуму тууралуу маалымат берип, ИМБДУну бул иш-чаранын биргелешип уюштуруучусу болууга чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар билим берүү жана илим тармагында мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишенимин билдиришти.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар