ЖРТ КАНДАЙ ТАПШЫРЫЛАТ?

Автор: Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы

20 Май 2022 ж. 16:03

Көрүлдү: 705

Абитуриент кабарлоо баракчасында көрсөтүлгөн убакыттан кечикпей тест борборунда болууга тийиш.

post.title

Тестке кирүү үчүн ал каттоодон өтүшү керек жана анын жанында төмөнкү документтер болушу шарт:

  • Тестке кирүү талону;
  • Өздүгүн күбөлөндүргөн документ – паспорт.  Эгерде катышуучу 16 жашка чыга элек болсо, анда туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен окуп жаткан жеринен алынган маалымкат (справка) керек. Маалымкатта катышуучунун сүрөтү чапталып, сүрөттө билим берүү мекемесинин мөөрү басылып, мекеменин жетекчиси тарабынан кол коюлушу зарыл;
  • Быйылкы жылдын бүтүрүүчүлөрүнөн башка катышуучулар тестке паспорту жок келсе, алар тестке киргизилбейт;
  • Жанына көк же кара түстөгү жакшы жазган калемсап алуусу керек.

Ал эми 23- майда жана 26-майда саат 13.00дон 17.00го чейин ар бир тест борборунда түрдүү себептер менен катталууга жетишпей калган абитуриенттер үчүн кошумча каттоо жүргүзүлөт. Кошумча каттоодон өтүү үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

  • паспорт (эгерде 16-жашка чыга элек болсо, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, сүрөт чапталган маалымкат менен);
  • 3х4 см көлөмүндөгү эки сүрөт;
  • ЖРТнын каттоо төлөмүн тастыктаган квитанция;
  • орто билими жөнүндө аттестат (мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү үчүн)

Ар бир каттоодон өткөн абитуриент кабарлоо баракчасы менен бирге ЖРТга даярдануу боюнча акысыз колдонмолорду алат. Ал колдонмолордо тест боюнча бардык керектүү маалыматтар камтылган: тесттин эрежелери, катышуучулардын укуктары жана милдеттери, жүрүм-турум эрежелери, тесттин ар бир бөлүгү боюнча тапшырмалардын мисалдары ж.б.  Бул колдонмолорду абитуриенттер мугалимдери же ата-энелери менен кунт коюп окуп чыгуусу керек. Тесттин эрежелерин сактоо бардык катышуучуларга тестти бирдей шартта тапшырууга мүмкүндүк берет.

Тест материалдарын: дептер, жооп барагы менен черновиктерди тесттин администраторлору таратып берет. Тест учурунда абитуриенттердин жанында эч кандай ашыкча буюмдар болбошу керек.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар