Алмазбек Бейшеналиев ЮНИСЕФтин өкүлү Кристин Жольм менен жолукту

Автор: Эл аралык кызматташтык бөлүмү

15 Апрель 2022 ж. 22:48

Көрүлдү: 1664

2022-жылдын 14-апрелинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев менен ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Кристин Жольмдун жолугушуусу болуп өттү.

post.title

Жолугушууда тараптар COVID-19 шарттарындагы тамак-аш коопсуздугу жана балдардын коопсуздугу жаатындагы ЮНИСЕФтин долбоорлорун, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы мектеп жана мектепке чейинки билим берүү жаатындагы министрликтин негизги артыкчылыктарын талкуулашты.

Андан тышкары 2022-жылдын июнь айына мерчемделген Азия-Тынч океан чөлкөмүнүн билим берүү министрлеринин 2-аймактык конференциясына Кыргыз Республикасынын катышуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар