Улуттук олимпиада: 75 окуучу байгелүү орунга ээ болду

Автор: Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы

18 Апрель 2022 ж. 16:18

Көрүлдү: 2338

Физика, математика, биология, химия жана информатика боюнча улуттук олимпиаданын республикалык этабы жыйынтыкталды. Республикалык этап ушул жылдын 14-15-апрелинде “Ала-Тоо” эл аралык университетинин жана И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында өттү. Ага жалпы 119 окуучу катышты

post.title

Олимпиада окуу жылы ичинде төрт этапта өттү:

I этап – январь. Онлайн режимде.

II этап – февраль. Онлайн режимде.

III этап – март. Офлайн режимде.

IV этап – апрель. Оффлайн режимде.

Олимпиадага катышуу үчүн бардык каалоочулар классына жана менчик түрүнө карабастан I этапка катышуу үчүн сайттан каттоодон өтүшкөн.

Улуттук олимпиада 2020-жылдан бери өткөрүлүп келүүдө, катышуучулардын саны өсүүдө.

Мисалы, 2020-жылы I этапка катталгандардын саны 3547 түзсө, 2021-жылы 4898 түзгөн, быйыл 17169 түздү.

Окуучуларга Улуттук олимпиадага, ошондой эле Республикалык олимпиадага да катышуу укугу берилген.

Улуттук олимпиада физика, математика, информатика, биология жана химия боюнча тапшырмалардын шарттары жана мазмуну боюнча эл аралык стандарттарга кыйла жакындатылып өткөрүлөт.

Олимпиадалык тапшырмаларды иштеп чыгып, Улуттук олимпиаданы өткөрүү үчүн, эл аралык олимпиадаларды өткөрүү тажрыйбасы бар, ошондой эле эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери болуп саналган жогорку окуу жайлардын мугалимдери тартылган.

Эл аралык олимпиадалардын уюштуруу комитеттеринин талаптарына ылайык түзүлгөн олимпиадалык тапшырмалардын татаалдыгы эске алынып, Улуттук олимпиаданын жеңүүчүлөрү IV (республикалык) этаптын катышуучуларынын жалпы санынын пайыздык катышындагы рейтинг боюнча аныкталат.

Ошентип, 2022-жылдагы Улуттук олимпиаданын жыйынтыгы боюнча I орун 20 окуучуга, II орун – 25 окуучуга, III орун 30 окуучуга ыйгарылды.

Улуттук олимпиаданын жеңүүчүлөрү рейтинг жана эл аралык олимпиадалардын уюштуруу комитетинин бөлүнгөн квотасы боюнча эл аралык олимпиадаларга катышуу укугун алышат.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 18-апрелде И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын конференц-холлунда өттү.

Улуттук олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө жана байге ээлерине Билим берүү жана илим министрлигинин, ошондой эле информатика боюнча олимпиадалык кыймылды колдоп келе жатышкан “Таймли Софт” ЖЧКнын жана “Канда ЦА” ЖЧКнын демөөрчүлөрүнүн дипломдору жана белектери тапшырылды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар