mektep.edu.gov.kg сайтынын иштөөсү менен байланышкан мүчүлүштүктөр четтетилет

Автор: Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы

11 Апрель 2022 ж. 18:19

Көрүлдү: 42441

Кыргызстанда 2022-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин mektep.edu.gov.kg сайтында мектептерге жана бала бакчаларга катталуу старт алды. mektep.edu.gov.kg сайтынын иштөөсү менен байланышкан техникалык мүчүлүштүктөр четтетилет.

post.title

Сайттагы катталуу саат 9:00дө башталган, ушундан кийин колдонуучулардын ири агымынан улам техникалык катачылык жүргөн.

Система маал-маалы менен күч келүүдөн улам бузулушу мүмкүн, анткени бир нече маалыматтар базасын интеграциялоо боюнча татаал архитектурага ээ. Күн ичинде адистер техникалык маселелерди четтетип, билдирмени толтуруу жана аны тастыктоо процессин жөнөкөйлөштүрүшөт жана автоматташтырышат.

Ата-энелерден түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз, бардыгыңыздар каттоодон өтөсүздөр деп ишендиргибиз келет.

Арыздарды толтуруу жол-жобосу боюнча көптөгөн суроолор түшүүдө, алардын ичинен эң көп берилген суроолор төмөнкүлөр:

Логинди жана сыр сөздү кайдан алуу керек?

Жооп: Сизге катталуу үчүн жеке кабинетке башынан эле кирүүнүн кереги жок, арыз берүү үчүн бардык саптарды толтуруу жана тиешелүү документтерди (жеңилдик берилгендер жана баланын мыйзамдуу өкүлдөрү) «Мектепке арыз берүү» же «Бала бакчага арыз берүү» бөлүгүнө тиркөө зарыл болот. Ийгиликтүү каттоо тууралуу жыйынтык сиздин электрондук почтаңызга келип түшөт.

Мектепке жана бала бакчага катталуу бир сайт аркылуу жүргүзүлөбү?

Жооп: Ооба, мектепке жана бала бакчага катталуу бирдиктүү mektep.edu.gov.kg сайты аркылуу жүргүзүлөт.

Башка суроолорго жоопторду жана кененирээк маалыматтарды төмөнкүдөй жолдор менен алууга болот:

• Колл-борбор: 119

• Техникалык колдоо: 0 (312) 988 940

• 0220 022 196

• 0220 022 183

• 0220 022 381

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар