Бишкекте Математика, химия, биология, информатика, физика боюнча улуттук олимпиаданын республикалык этабы өткөрүлүп жатат

Автор: Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы

15 Апрель 2022 ж. 14:54

Көрүлдү: 1894

Бишкекте мектеп окуучуларынын Улуттук олимпиадасынын IV (республикалык) этабы өтүүдө. Математика, химия, биология, информатика боюнча олимпиада Эл аралык “Ала-Тоо” университетинин базасында, физика боюнча олимпиада – Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өткөрүлүп жатат. Улуттук олимпиаданын IV этабына 119 мектеп окуучусу катышууда.

post.title

Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын командасын түзүү жана аларды эл аралык олимпиадага катышууга даярдоо максатында 2019-2020-окуу жылынан баштап физика, математика, биология, химия жана информатика боюнча альтернативалык олимпиада өткөрүп келе жататПилоттук долбоор ийгиликтүү жыйынтыкталып, 2022-жылы ага Улуттук олимпиада макамы берилген.

Олимпиада жыл сайын 4 этапта онлайн жана оффлайн режимдеринде өткөрүлөт.
- I этапка каалаган 
окуучулар катыша алышат.
- II этапта
I этапта эң жогорку балл алгандар, мурунку этапта катышуучулардын жалпы санынын 50 пайызынан кем эмес;
- III этапта
II этапта эң жогорку балл алгандар, мурунку этапта катышуучулардын жалпы санынан 100 адамдан ашык эмес;
- IV этапта
III этапта эң жогорку балл алгандар, 20 адамдан ашык эмес; жана ошол жылдын мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын IV этабында эң жогорку балл алгандар, 15 адамдан ашык эмес;
мурунку жылдын IMO, IBO, IOI, IPHO, ICHO эл аралык олимпиадаларынын жеңүүчүлөрү. Алар баштапкы 3 этапты аттап өтүп, олимпиаданын IV этабына катыша алышат.

Катышуучуларга Улуттук олимпиадага, ошондой эле Республикалык олимпиадага катышууга укук берилет.

Эң жогорку балл алган окуучулар Улуттук олимпиаданын жеңүүчүлөрү болуп эсептелет.

Улуттук олимпиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи 18-апрелде саат 10.00дө Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жыйындар залында өтөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар