Көрүлдү: 10949
БИЛДИРҮҮ!!!
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү программаларын лицензиялоо боюнча арыздарды электрондук түрдө тапшырыла тургандыгын маалымдайт.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү программаларын лицензиялоо боюнча арыздарды электрондук түрдө кабыл алуу жана кароо максатында АСУЛА - электрондук лицензиялоо платформасын иштеп чыкты.
Мындан ары арыз ээлери лицензия алууга арыздары менен электрондук түрдө кайрыла алат.
Электрондук түрдө кайрылуу үчүн https://asula.edu.gov.kg шилтемеси аркылуу өтүү зарыл.
Лицензия берүү жана таануу үчүн зарыл документтер
Лицензиялоо боюнча мамлекеттик алымдын реквизиттери:
Өздүк эсеп: № 4402011001000140
Төлөм коду: 14222710
Эскертүү мамлекеттик алым юридикалык жактын атынан РСК банк аркылуу төлөнөт.
Мамлекеттик алым 1000 сомду түзөт.