Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
№ 17 кесиптик лицей кыска мөөнөттүү курстарда чондорду окутуп жатат

Көрүлдү: 279

Бишкек шаарындагы № 17 кесиптик лицей ишке орношууга көмөктөшүү башкармалыктын райондук бөлүмдөрдүн жолдомосу менен чоңдорду окутуп жатат.

post.title

Кесиптик лицейлерде кыска мөөнөттүү курстарда чоңдор эмгек рыногунда эң көп талапка ээ болгон кесип алуу үчүн билим алышууда. Макулдашуу боюнча ишке орношууга көмөктөшүү башкармалыктын райондук бөлүмдөрү, жумуш берүүчүлөрдүн талабын эске алып, катталган жумушсуз жарандарга акысыз окууга жолдомо берет.

№ 17 кесиптик лицейде 1-6 ай ичинде адистикке үйрөнүү үчүн "Сулоолоч", "Чачтарач", "Тигүүчү", "Тикмечи", "Кийим бычуучу" курстарын уюштурган. Курстун бүтүрүүчүсүнө сертификат берилет.

 

Шилтеме:

№ 17 кесиптик лицей - https://pl17.edu.kg/

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар