Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
№ 93 кесиптик лицейдин окуучулары эл аралык фестивалда 3 алтын жана 1 күмүш медалга ээ болушту

Көрүлдү: 250

№ 93 кесиптик лицейдин окуучулары XVIII «International Istanbul Culinary Days» эл аралык кулинария фестивалында 3 алтын жана 1 күмүш медаль жеңип келишти

post.title

2021-жылдын 22-26-декабрында Стамбулда XVIII «International Istanbul Culinary Days» эл аралык кулинария фестивалы «А дегенде даам» темасында өткөрүлдү.

Фестивалда 50 өлкөнүн мыкты ашпозчу жана студенттери катышты. Түркия Республикасынын Ашпозчулар ассоциациясынын жана Кыргыз Республикасынын Ашпозчулар ассоциациясынын чакыруусу менен Бишкек шаарындагы № 93 кесиптик лицейдин окуучулары «International Istanbul Culinary Days» фестивалына катышты.

Байгелүү орундарды ээлеп:
- «Балыктан тамак» номинациясындагы I орун үчүн Азыкбеков Бектур алтын медаль,
- «Балыктан тамак» номинациясындагы I орун үчүн Кубезов Азиз алтын медаль,
- «Негизги тамак» номинациясындагы I орун үчүн Азыкбеков Бектур алтын медаль,
- «Паста» номинациясындагы II орун үчүн Кубезов Азиз күмүш медаль алышты.

 

Маалымат үчун:

«International Istanbul Culinary Days» 2015-жылы Шеф-ашпозчулардын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясынын (WACS) «Континенттер аралык ири гастрономия фестивалы» наамын утуп алган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар