Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ: КЫРГЫЗ-ГЕРМАН КЫЗМАТТАШТЫГЫНЫН ФОРУМУ ӨТТҮ

Көрүлдү: 0

12-апрелде Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын ортосунда “Кыргызстан-Германия диалогу: “Келечек үчүн кесиптик билим берүү жана адистерди даярдоо” темасында форум өттү.

post.title

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу министр Догдуркүл Кендирбаеванын атынан форумдун катышуучуларына куттуктоо сөзүн окуду.

“Бүгүнкү форум өлкөбүздүн кесиптик билим берүү жана кадрларды даярдоо жаатындагы орчундуу маселелерине арналган. Технологиянын тез өнүгүшү жана эмгек рыногундагы өзгөрүүлөр доорунда, суроо-талапка ээ жана атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо маанилүү. Форум жемиштүү болуп, жалпы көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берерине ишенем”.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев, Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Өмүрбек Текебаев, Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Габриэла Геллил, Германия Федеративдүү Республикасынын (Тюрингия) Соода-өнөр жай палатасынын президенти Дитер Баугауз сөз сүйлөдү.

Форумдун жүрүшүндө “Жаңы кылым – билим берүүнүн жаңы концепциялары. Кадрларды даярдоо системасы эмгек рыногунун талаптарына жооп береби?”, “Дүйнөлүк тенденцияларды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын иши”, “Заманбап экономика үчүн кадрларды даярдоонун эффективдүү моделдери: дуалдык кесиптик билим берүү” жана “Заманбап дүйнөнүн экономикалык чакырыктары жана кадрларды даярдоо системасынын жообу: бизнес менен билим берүүнүн эффективдүү өз ара аракеттенүүсүнүн моделдери” темаларында баяндамалар жасалды.

Катышуучулар ошондой эле кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүнүн учурдагы тенденцияларды, дуалдык (кош окутуу) системасы жаатындагы Германиянын тажрыйбасын, Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кесиптик билим берүү тармагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрдү, кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун жана кадрларды даярдоону жакшыртуунун жолдорун талкуулашты.

Мындан сырткары форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын окуу жайлары менен FAV Service gGmbH ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууларга кол коюлду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар