Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
“ЫСЫК-КӨЛДҮ САКТАЙЛЫ!” ТАЗАЛЫК АКЦИЯСЫ УЛАНУУДА

Көрүлдү: 0

Ысык-Көл облусундагы кесиптик лицейлер Республикалык илимий-методикалык борбор менен биргеликте “Ысык-Көлдү сактайлы!” тазалык акциясын демилгелеп чыгышкан.

post.title

Акция 28-мартта Ысык-Көл районундагы №85-кесиптик лицейде башталып, андан соң Бөкөмбаев айылындагы №81-кесиптик лицейде болуп өткөн.  6-апрелде Жети-Өгүз районундагы №55-кесиптик лицей эстафетаны улантты.

Иш-чара алгыч Барскоон айылынын борборунда башталды. Район акими Э.Бахавадинов, Барскоон айыл өкмөт башчысы А.Асанбаев катышып, акциянын мааниси, зарылчылыгы тууралуу жаштарга насааттарын айтышып, мындай акцияларды байма-бай уюштуруп туруу керектигине токтолушту.

Андан соң, акциянын катышуучулары Барскоон айылдык пляжга (көл жээгине) жөө жүрүш уюштуруп, көл жээктеги таштандылар тазаланды. Айылдык пляждын эски ажатканасы оңдолуп, кошумча ажатканалар орнотулду. Таштанды чогултуучу 4 даана контейнер жасалып, көл жээгинин кире беришине “Ысык-Көлдү сактайлы!” аттуу жарнак орнотулду.

Бул саамалык Каракол шаарындагы №2, №14-кесиптик лицейлердин өкүлдөрүнө узатылды.

Акциянын негизги максаты: Ысык-Көлдүн айланасын таштандыдан тазалоо, жаштардын табиятка болгон аруу мамилесин өркүндөтүү жана экологиялык билими менен көндүмдөрүн калыптандыруу, жаштар акциясы аркылуу коомчулукту табиятты таза сактоого чакыруу болуп саналат.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар