Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
АЛАЙДАГЫ ПАМИРЛИК КЫРГЫЗДАР КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДЕ ОКУТУЛАТ

Көрүлдү: 0

2024-жылдын 8-апрелинен тарта Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылындагы №67 кесиптик лицейде памирлик кыргыздар “Электр газ ширетүүчү”, “Айдоочулук”, “Тигүүчүлүк” кесиптери боюнча окутула баштайт.

post.title

2024-жылдын 4-апрелинде аталган кесиптик лицейдин администрациясы жана өндүрүштүк окутуунун устаттары Афганистандан көчүрүлүп келген памирлик кыргыздар менен жолугушуу өткөрүп, лицейде окуй тургандардын тизмесин түздү.

Лицейдин администрациясы Алай райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жумуш менен камсыз кылуу бөлүмүнө кат жолдоп, жыйынтыгында памирлик кыргыздар жумушсуздардын катарына кабыл алынып, №67 кесиптик лицейине окууга жөнөтүлө турган болду.


 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар