Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
"ЖАШЫЛ МУРАС" УЛУТТУК АКЦИЯСЫН ИШКЕ АШЫРУУ МАКСАТЫНДА КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДЕ ИШЕМБИЛИК ӨТКӨРҮЛДҮ

Көрүлдү: 0

Аталган ишембиликке өлкөнүн ар тарабындагы кесиптик лицейлер катышты.

post.title

Республика боюнча дээрлик баардык лицейлердин мугалим устаттары жана окуучулары ишембиликке катышып,өз имараттарын актап сырдоо, айлана чөйрөлөрүн тазалоо, арыктарды казуу, мурдагы жылы тигилген көчөттөрдү кыйыштыруу жана өспөй калгандардын ордуна башка көчөт тигүү жумуштарын аткарышты. Дээрлик көпчүлүк лицейлер имараттарынын айланасына ар түрдүү көчөттөрдүн түрлөрүн отургузушту. Мисалы: Алманын миңден ашык көчөтү, алча, өрүк, шабдаалы, арча, карагай, терек ж.б. ар түрдүү көчөттөр эгилди. 

Ошондой эле 6-апрелде да лицейлер тарабынан "Бир окуучу -бир көчөт” акциясы өткөрүлөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар