Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Ысык-Көл облусундагы кесиптик лицейлер ортосунда “Ысык-Көлдү сактайлы!” аттуу эстафеталык тазалык акциясы старт алды!

Көрүлдү: 0

“Ысык-Көлдү сактайлы!” тазалык акциясы Ысык-Көл облусундагы кесиптик лицейлер ортосунда эстафеталык түрдө өткөрүлөт. Тазалык акциясынын негизги максаттары: • Жаштардын экологиялык аң-сезимин өнүктүрүү жана экологиялык жүрүм-турумун калыптандыруу; • Акцияны уюштуруу аркылуу коомчулуктун (жергиликтүү тургундардын) көңүлүн табиятты сактоого буруу, Ысык-Көлгө аяр мамиле жасоого чакыруу; • Экологиялык багытта мамлекет тарабынан кабыл алынган программаларды, долбоорлорду ишке ашыруу.

post.title

Акция 2024-жылдын март, апрель айларында кесиптик лицейлер арасында эстафеталык түрдө уюштурулат.
 Кесиптик лицейлердин акцияны уюштуруу графиги:
 

Кесиптик лицейдин аталышы

Өтүүчү жери

Убактысы

1.

№85-кесиптик лицей

Ысык-Көл району, Кош-Көл айылынын аймагы

март, 2024-жыл

2.

№22-кесиптик лицей

Балыкчы шаарынын аймагы

Март, 2024-жыл

3.

№81-кесиптик лицей

Тоң району, Бөкөмбаев айылынын аймагы

Апрель, 2024-жыл

4.

№55-кесиптик лицей

Жети-Өгүз району, Барскоон айылынын аймагы

Апрель, 2024-жыл

5.

№2 жана №14 кесиптик лицейлер

Каракол шаарына жакын пляждардын аймагы

Апрель, 2024-жыл

6.

№82-кесиптик лицей

Ысык-Көл району, Ананьево айылынын аймагы

Апрель, 2024-жыл

7.

№42-кесиптик лицей

Ысык-Көл району, Темир айылынын аймагы

Апрель, 2024-жыл


Эстафета алган окуу жайдын жетекчилиги акцияны жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу аркылуу датасын белгилеп, уюштурат.

Акцияны маалымат каражаттарында, социалдык түйүндөрдө чагылдыруу окуу жайлардын жетекчилерине милдеттендирилет.
Эстафетаны кабыл алуу, узатуу процедурасы окуу жайлардын жетекчилеринин макулдашуусу менен ишке ашырылат жана бул иш-чара сөзсүз түрдө маалымат каражаттарында чагылдырылуусу керек.
Акциянын жалпы девизи: “Ысык-Көлдү сактайлы!”. Бул ураан жазылган бир баннер даярдалып, колдон колго тапшырылат. Мындан тышкары окуу жайлар өз каражаттарынын жана идеясынын негизинде кошумча ураандарды, желекчелерди даярдап, көтөрүп чыгууга уруксат берилет.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар