Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
“ПЕДАГОГИКАЛЫК ЧЕБЕРЧИЛИК” ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА КАЙРА ДАЯРДОО КУРСУН АЯКТАГАНДАРГА СЕРТИФИКАТ ТАПШЫРЫЛДЫ!

Көрүлдү: 0

5-мартта Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык илимий-методикалык борбору тарабынан “Педагогикалык чеберчилик” программасы боюнча кайра даярдоо курсун ийгиликтүү аяктаган 77 мугалимге жана өндүрүштүк окутуу устаттарына күбөлүктөр тапшырылды.

post.title

Күбөлүк тапшыруу аземине Билим беруу жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, КР Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев, Республикалык илимий-методикалык борборунун директору Акпаралы Карабаев жана иш берүүчүлөр катышты. 
Курс башталгыч  кесиптик  билим  берүү  тармагындагы педагогикалык билими бар кызматкерлердин, айрыкча өндүрүштүк окутуу устаттарынын жетишсиздигин эске алуу менен мугалимдердин педагогикалык жана профессионалдык  деңгээлин  жогорулатууга  багытталган. 
584 саат көлөмүндөгү окутуу офлайн жана онлайн форматында өткөрүлүп, аны  жогорку квалификациялуу окутуучулар, илимдин кандидаттары, профессорлор жана докторлор өтүштү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар