Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Бишкек шаарындагы №94, №18, 4 жана Анадолу Кыргыз-Түрк кесиптик лицейлери "Бөбөктай" борборунун мектепке чейинки курактагы балдарга экологиялык таза материалдардан жасалган оюнчуктарды жасашты!

Көрүлдү: 0

Бүгүн, 1-мартта, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде мектепке чейинки курактагы балдар үчүн “Бөбөктай” балдарды эрте өнүктүрүү борбору ачылды. Борборду түзүүнүн негизги максаты – кенже курактагы балдардын өнүгүүсү үчүн жер жерлерде ыкчам өнүктүрүү кызматтарын уюштуруу жана анын үлгүсүн көрсөтүү, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу жана жеке менчик, мамлекеттик өнөктөштүк боюнча бирдиктүү ишмердүүлүк жүргүзүү. Мындай борборду каалаган мекемеде, уюмда, ишканада уюштурууга болот. Айрыкча ошол мекеме-уюмдарда иштеген кызматкерлердин балдары үчүн ыңгайлуу. Борбордо балдар эки сааттан 10 саатка чейинки убакытта боло алышат. Аларды И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен түзүлгөн келишимге ылайык күндүзү мектепке чейинки билим берүү адистигинде окуп жаткан студент-практиканттар карайт.

post.title

Бишкек шаарындагы №94, №18, 4 жана Анадолу Кыргыз-Түрк кесиптик лицейлер тарабынан Борбордогу экологиялык таза материалдардан жасалган өнүктүрүүчү оюнчуктар, көрсөтмө куралдар, жаздыкчалар,  атайын кооз отургучтар, столдор  жасалган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар