Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Кесиптик жөндөм – келечекке ишеним!

Көрүлдү: 0

Республикалык илимий-методикалык борбору кесиптик лицейлердин жаш мастерлеринин квалификациясын жогорулатуу курстарын «Өндүрүштүк окутуунун педагогикалык ыкмалары жана методдору (педагогикалык минимум)» деген темада өткөрдү. ” Квалификацияны жогорулатуу курстарына чакырылган негизги максаттуу топ өндүрүштүк окутуу, эмгек рыногунда заманбап коомдо талап кылынган кесиптер боюнча жаш адистер болуп саналат. Тренинг программасын өздөштүрүү үчүн (72 саат) төмөнкү темалар боюнча тренинг өткөрүлдү: Өндүрүштүк окуу мастерлери үчүн укуктук база жана ченемдик документация Социалдык өнөктөштүк Педагогика. Кесиптик билим берүү программаларын окутуунун методикасы Окуучулар менен иштөөдөгү психологиялык-педагогикалык аспектилер Ишкердик байланыштын этикасы Мамлекеттик даярдоо стандарттары аркылуу башталгыч кесиптик билим берүүнү жүргүзүү Билим берүүдөгү заманбап санариптик окуу куралдары өндурүштук окуу мастерлери учун окуу-пландоо документтери

post.title

Окуу процессинин жүрүшүндө катышуучулар Бишкек шаарындагы №18 кесиптик лицейинде иш тажрыйба алмашуу үчүн кыска мөөнөттүү стажировкадан өтүштү. Студенттер «Кондитер», «Тигүүчүлүк», «Автослесарь» жана «Газ жана электр менен ширетүүчү» адистиктери боюнча теориялык жана практикалык сабактарды өтүштү. 

 

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар