Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
WORLDSKILLS KYRGYZSTAN ЖУМУШЧУ КЕСИПТЕРДИН УЛУТТУК ЧЕМПИОНАТЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ!!!

Көрүлдү: 0

Бүгүн, 22-февралда кесиптик лицейлердин жана колледждердин окуучулары арасында WorldSkills Kyrgyzstan жумушчу кесиптердин улуттук чемпионатынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Чемпионаттын аймактык турунда жеңишке жеткен 19 окуучу улуттук турда “Ширетүү технологиясы”, “Ашпозчулук” жана “Мода технологиясы” адистиктери боюнча таймашышты. “Мода технологиясы” адистиги боюнча жеңүүчүлөр: I орун – Наргиза Жолдошбай кызы, Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжи, (25 миң сом, сертификат, медаль жана эл аралык чемпионатка жолдомо); II орун – Аймир Ренадов, И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжи, (15 миң сом, сертификат, медаль жана баалуу белектер); III орун – Диера Сайдуллаева, Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-кен техникалык колледжи, (10 миң сом, сертификат, медаль жана баалуу белектер); “Ширетүү технологиясы” адистиги боюнча жеңүүчүлөр: I орун – Элдар Бакиров, №28 Кыргыз-Россия кесиптик лицейи, (25 миң сом, сертификат, медаль жана эл аралык чемпионатка жолдомо); II орун – Максим Ходунов, №62 кесиптик лицейи, (15 миң сом, сертификат, медаль жана баалуу белектер); III орун – Илья Герасименко, Бишкек шаарындагы №27 кесиптик лицейи, (10 миң сом, сертификат, медаль жана баалуу белектер); “Ашпозчулук технологиясы” адистиги боюнча жеңүүчүлөр: I орун – Аяна Абдиталипова, Жалал-Абад облусундагы №89 кесиптик лицейи, (25 миң сом, сертификат, медаль жана эл аралык чемпионатка жолдомо); II орун – Камиля Нурланова, Балыкчы шаарындагы №22 кесиптик лицейи, (15 миң сом, сертификат, медаль жана баалуу белектер); III орун – Аман Тазабеков, Бишкек шаарындагы №18 кесиптик лицейи, (10 миң сом, сертификат, медаль жана баалуу белектер); Чемпионатта “Ширетүүчүлүк”, “Ашпозчулук” жана “Мода технологиясы” адистиктери боюнча 1-орунду алган катышуучулар 2024-жылдын 10-15-сентябрда Франциянын Лион шаарында өтө турган эл аралык чемпионатка катышышат. Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу чемпионаттын жеңүүчүлөрүн жеңиши менен куттуктап, алдыда өлкө намысын татыктуу коргоо үчүн жогорку деңгээлде даярдык көрүү керектигин белгиледи. “Бүгүн биз үчүн абдан кубанычтуу күн, анткени алдыбызга койгон максаттын биринчи этабын ийгиликтүү жыйынтыктап жатабыз. Бул чемпионатты өткөрүү үчүн уюштуруучулар, өнөктөштөр менен чоң иштер жасалды”, - деди министрдин орун басары. WorldSkills – бул эл аралык коммерциялык эмес ассоциация, анын максаты жумушчу кесиптерди жайылтуу, кесиптик даярдоонун жана квалификациянын статусун жана стандарттарын жогорулатуу. Кыргыз Республикасындагы WorldSkills мелдештеринин уюштуруучулары - Билим берүү жана илим министрлиги, “КАСЕФ” коомдук фонду. Өнөктөштөр – Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган “Секторду өнүктүрүү программасы: "Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоору жана “Айко-Сейко” ЖЧК.

post.title

Чемпионаттын аймактык турунда жеңишке жеткен 19 окуучу улуттук турда “Ширетүү технологиясы”, “Ашпозчулук” жана “Мода технологиясы” адистиктери боюнча таймашышты. 
“Мода технологиясы” адистиги боюнча жеңүүчүлөр:
I орун – Наргиза Жолдошбай кызы, Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжи, (25 миң сом, сертификат, медаль жана эл аралык чемпионатка жолдомо); 
II орун – Аймир Ренадов, И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжи, (15 миң сом, сертификат, медаль жана баалуу белектер);
III орун – Диера Сайдуллаева, Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-кен техникалык колледжи, (10 миң сом, сертификат, медаль жана баалуу белектер);

“Ширетүү технологиясы” адистиги боюнча жеңүүчүлөр:
I орун – Элдар Бакиров, №28 Кыргыз-Россия кесиптик лицейи, (25 миң сом, сертификат, медаль жана эл аралык чемпионатка жолдомо); 
II орун – Максим Ходунов, №62 кесиптик лицейи, (15 миң сом, сертификат, медаль жана баалуу белектер);
III орун – Илья Герасименко, Бишкек шаарындагы №27 кесиптик лицейи, (10 миң сом, сертификат, медаль жана баалуу белектер);
“Ашпозчулук технологиясы” адистиги боюнча жеңүүчүлөр:
I орун – Аяна Абдиталипова, Жалал-Абад облусундагы №89 кесиптик лицейи, (25 миң сом, сертификат, медаль жана эл аралык чемпионатка жолдомо); 
II орун – Камиля Нурланова, Балыкчы шаарындагы №22 кесиптик лицейи, (15 миң сом, сертификат, медаль жана баалуу белектер);
III орун – Аман Тазабеков, Бишкек шаарындагы №18 кесиптик лицейи, (10 миң сом, сертификат, медаль жана баалуу белектер);
Чемпионатта “Ширетүүчүлүк”, “Ашпозчулук” жана “Мода технологиясы” адистиктери боюнча 1-орунду алган катышуучулар 2024-жылдын 10-15-сентябрда Франциянын Лион шаарында өтө турган эл аралык чемпионатка катышышат.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу чемпионаттын жеңүүчүлөрүн жеңиши менен куттуктап, алдыда өлкө намысын татыктуу коргоо үчүн жогорку деңгээлде даярдык көрүү керектигин белгиледи.
“Бүгүн биз үчүн абдан кубанычтуу күн, анткени алдыбызга койгон максаттын биринчи этабын ийгиликтүү жыйынтыктап жатабыз. Бул чемпионатты өткөрүү үчүн уюштуруучулар, өнөктөштөр менен чоң иштер жасалды”, - деди министрдин орун басары. 
WorldSkills – бул эл аралык коммерциялык эмес ассоциация, анын максаты жумушчу кесиптерди жайылтуу, кесиптик даярдоонун жана квалификациянын статусун жана стандарттарын жогорулатуу.
Кыргыз Республикасындагы WorldSkills мелдештеринин уюштуруучулары - Билим берүү жана илим министрлиги, “КАСЕФ” коомдук фонду.
Өнөктөштөр – Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган “Секторду өнүктүрүү программасы: "Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоору жана “Айко-Сейко” ЖЧК.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар