Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Ысык-Көл облусунун Барскоон айылындагы №55-кесиптик лицейдин базасында түштүк жээгинде жайгашкан кесиптик лицейлердин кызматкерлеринин ортосунда волейбол боюнча жолдоштук беттеш болуп өттү!

Көрүлдү: 0

Турнирге Каракол шаарындагы №2 жана №14, Бөкөмбаев айылындагы №81 жана Барскоон айылындагы №55-кесиптик лицейдин волейбол командалары катышып, күч сынашты. Жолдоштук беттештин негизги максаты – эмгек жамааттарынын ортосунда өз ара алаканы жана ынтымакты бекемдөө, тажрыйба алмашуу жана сергек жашоо образын даңазалап, спортко болгон кызыгууну арттыруу болуп саналат.

post.title

Байге фонду 8000 сомду түзүп, өтмө кубок уюштурулду. Мелдештин жыйынтыгында №55-кесиптик лицей 1-орунду, №2-кесиптик лицей 2-орунду, №81-кесиптик лицей 3-орунду ээлешти. Ал эми №14-кесиптик лицейдин командасы кызыктыруучу сыйлыкка ээ болушту.
Турнирди айына бир жолу кезектешип, кесиптик лицейлерди кыдыруу жолу менен өткөрүп туруу чечими кабыл алынды. Кийинки мелдеш №14-кесиптик лицейдин базасында болот.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар