Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
“Китеп кербени” Кыргызстандын кесиптик лицейлерине сапарга чыкты!

Көрүлдү: 0

«Китеп окуган жаштар» акциясынын алкагында кесиптик лицейлердин окуучулары окуган китептерин талкуулашарын, ал эми окутуучулар китеп окуунун пайдасы, адабияттын инсандык өсүш жана кесиптик ийгилик үчүн мааниси тууралуу класстык сааттарды өтүшүүдө.

post.title

Китеп окуу балдар үчүн эмне себептен маанилүү?

  •  Китеп окуганда элестетүү жөндөмү ойгонот. Балдар китеп окуп жатканда каармандардын үндөрүн угуп, сырткы келбети кандай экенин элестете алышат жана жагдайды көз алдына тарта алышат. Жазуучу жалпы эле сүрөттү берсе, окурман ага түстүү боёкторду кошуп көркөмдөп алат.

  •  Китеп окуганда балдардын ички дүйнөсү калыптанат. Алсак, алар көйгөйдү талдаганды жана аны чечкенди үйрөнүшөт. Ошондой эле көңүл топтоо жөндөмүн өрчүтүшөт. Натыйжада аларда сабырдуулук, өзүн-өзү кармай билүү жана боорукердик сыяктуу сапаттар өсө баштайт.

  •  

     Боорукердикпи? Ооба. Кандайча? Айрым изилдөөчүлөрдүн айтымында, балдар аңгемени шашпай, кылдат окуп жатканда андагы каармандардын сезимдерин туюп көрө алышат. Бул аларга кадимки жашоодо башкаларга боор ооруй билгенге жардам берет.

     

  •  Китеп окуу терең ой жүгүрткөнгө түрткү берет. Бүт дитин коюп окуган киши шашпай, көңүл топтоп окуйт. Автордун ойлорун түшүнүш үчүн ал кээ бир жерлерди кайра окушу мүмкүн. Мунун аркасында ал окугандарын жакшыраак эстеп калып, толук пайда алат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар