Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Кесиптик лицейлеринде Кыргыз эл жазуучусу Ч. Айтматовдун 95 жылдык маарекесине карата “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы иш-чаралар болуп өттү!

Көрүлдү: 0

Окуу жайларда “Кыргыз эл жазуучусу Ч. Айтматовдун 95 жылдыгы” темасында ачык сабак жаңы маалыматтык технологияларды колдонуу менен көрсөтмөлөр өтүлдү. Айтматовдун учкул-накыл сөздөрү окуу жайдын көрүнүктүү жерлерине илинди. «Кыргызды дүйнѳгѳ тааныткан Чыңгыз» “Айтматов аалам жылдызы” “Айтматовдун ааламы" ж.б. класстык сааттар өтүлдү.

post.title

 

Кыргыз тили жана адабияты мугалимдери жетекчилигинде “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы  аттуу илимий конференция уюштурулуп,  залкар жазуучунун дүйнөгө таанымал чыгармаларынан жана анын алган жогорку наамдары боюнча презентациялар жасалып МКТ (маалыматтык- коммуникациялык технология) жардамында көрсөтүлдү. Чет тили мугалими тарабынан “Ч. Айтматов-аалам жылдызы” (СH. Aitmatov-the star of the universe ) темасында ачык сабак интерактивдүү маалыматтык  технологияны колдонуу менен кыргыз жана англис тилдеринде көрсөтмөлөр өткөрүлдү.

Окуучуларды кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театрына “Саманчынын жолу”, “Кылым карытар бир күн”, “Бетме -бет” спектаклдерин көрүп келишти.

Кесиптик лицейлерде дагы да уланууда, иш-чарага улуу жазуучунун бир туугандары жана башка коноктор дагы чакырылып жазуучунун басып откон жолдору тууралуу дагы окуучулар менен маек курулду.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар