Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Билим берүү жана илим министрлигинин комиссиясы Аравандагы №65 кесиптик лицейдин ишинен бир катар кемчиликтерди таап чыкты

Көрүлдү: 1438

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жаңы жетекчилиги келер менен, 2021-жылдын май айында, башталгыч кесиптик билим берүү мекемелеринин (мындан ары – лицей) ишине анализ жана мониторинг жүргүзүү боюнча иш башталды.

post.title

Билим берүү жана илим министрлигинин жаңы жетекчилиги келер менен, 2021-жылдын май айында, башталгыч кесиптик билим берүү мекемелеринин (мындан ары – лицей) ишине анализ жана мониторинг жүргүзүү боюнча иш башталган.

Лицейлердин ишиндеги мүчүлүштүктөрдү аныктоо жана алардын ишин жакшыртуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу максатында, курамына министрликтин түзүмдүк бөлүктөрүнүн жана Башталгыч кесиптик билим берүү республикалык илимий-методикалык борборунун адистери кирген комиссия түзүлгөн.

Ушул тапта жогоруда көрсөтүлгөн иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында комиссия Ош облусунун лицейлерин текшерип жатат.

Комиссия өз ишин 17-ноябрда Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагындагы №65 лицейден баштады. Иштин жүрүшүндө лицейдин администрациясынын ишиндеги олуттуу кемчиликтер айкындалды. Комиссия саат 9:15те лицейге келгенде сабактарга 204 окуучунун ичинен 19 эле окуучу катышып отурган. Ал эми №65 лицейдин филиалына барганда класста болгону 2 окуучу отурган. Алар менен баарлашкандан кийин бул балдардын лицейге эч кандай тиешеси жоктугу аныкталган, башкача айтканда, окуу жайдын жетекчилиги аларды көчөдөн эле алып келип, партага отургузуп койгон.

Андан тышкары ашканадагы тамак-аш азыктары жалган актылардын негизинде эсептен чыгарылып келгени аныкталган: күн сайын 125 жана андан көп окуучуга эсептелинген азыктар эсептен чыгарылып турган, ал эми иш жүзүндө сабакка катышкан окуучулардын саны 50дөн ашкан эмес. Комиссия келгенден кийин гана окутуучулар окуучуларды чакыра башташкан, текшерген учурда алардын саны 74тү түзгөн.

Лицейдин ашканасын текшергенде тамак-аш азыктары зарыл болгон санда жок экени аныкталган, кампа башчысы түшкү тамакка керектелчү 1,5 кг этти гана көрсөтө алган. Ашканада муздаткыч жок, чарба башчысынын айтымында, муздатуучу камера мындан 2 жыл мурун оңдоого берилген, жаңы муздаткыч сатып алууга лицейдин администрациясы эч кандай аракет жасаган эмес. Кампа башчысынын айтымында, эт анын өзүнүн үйүндөгү муздаткычта сакталат. Тамактандыруу боюнча отчёттору, менюсу жок болуп чыккан.

Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча, №65 лицейдин жооптуу кызматкерлерине карата мыйзамдарда каралган катаал административдик чаралар колдонулат.

Министрлик башталгыч кесиптик билим берүү мекемелеринин ишин тескөөнүн натыйжалуулугун жакшыртуу боюнча ишти мындан ары да улантат.

Маалым кат:

Мурда башталгыч кесиптик билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Башталгыч кесиптик билим берүү агенттиги жооптуу болчу, бардык башталгыч кесиптик билим берүү уюмдары Агенттиктин ведомстволук мекемелери болуп саналчу. 2021-жылдын 5-мартынан тартып Агенттик жоюлуп, анын функциялары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине толук өткөрүлүп берилген.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар