Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Кесиптик лицейлердин катышуусу менен "Кесип фестивалы" болуп өттү!

Көрүлдү: 0

26-апрелде Бишкектеги жана Чүй облусундагы колледждер жана кесиптик лицейлер артыкчылыктуу адистиктер жана кесиптер фестивалында өз мүмкүнчүлүктөрүн жана жетишкендиктерин көрсөтүштү. Ачылыш аземинде билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу мектеп окуучуларын кесипти туура тандоо үчүн колледж менен кесиптик лицейлердин мүмкүнчүлүктөрү менен таанышууга, ал эми кесиптик окуу жайлардын жетекчилерин өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө активдүү катышууга чакырды.

post.title

Фестивалдын коноктору колледждердин жана кесиптик лицейлердин студенттеринин буюмдарынын көргөзмөсүн, этникалык жана авангарддык стилдеги кийимдердин көрсөтүүсүн, студенттердин концертин көрүп, окуу жайларда кесиптик даярдоонун шарттары жана багыттары тууралуу маалымат алышты.

Фестиваль Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан «Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында уюштурулууда. Долбоор кесиптик техникалык билим берүүнүн жана окутуунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Фестиваль мындан ары республиканын аймактарында өткөрүлөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар