Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
2023-жылдын 20-февралынан тартып Чүй облусунун жана Бишкек шаарындагы Кесиптик лицейлердин IT-адистерине «E-QUALITY” долбоорунун алкагында “Санариптик сабаттуулук” боюнча семинар өткөрүлүүдө.

Көрүлдү: 0

«Санариптик сабаттуулук» семинарынын алкагында, анын максаты жаш мигранттардын санариптик, коммуникациялык жана кесиптик көндүмдөрүн долбоорлоо, колдоо жана өнүктүрүү үчүн усулдук жана эксперттик базаны түзүү болуп саналат, долбоордун эксперти Сүйөркулова З.Т. «Санариптик сабаттуулук» мисалында микро-курстук кейс сунуштады. Катышуучулар топторго бөлүнүшүп, алар CANVA, Prezi, Panopto программалары менен «AcademyInAQA» электрондук билим берүү платформасында иштеп, ошондой эле долбоордун эксперттеринин жетекчилиги астында жеке жана топтук форматта техникалык каражаттар менен иштөө технологияларын үйрөнүүдө.

post.title
Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы Башталгыч кесиптик билим берүү мекемелеринин 40  IT-адистери катышууда. Тренингдин жыйынтыгында семинарды ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу сертификатка гана ээ болбостон, билимди жергиликтүү деңгээлде өткөрүп берүүгө да мүмкүнчүлүк алышат. 

Семинарды E-Quality долбоорунун эксперттик тобунун жетекчиси, “Адам” университетинин ректору С.Сирмбард ачып, долбоордун максаттары жана милдеттери жана бул семинардын программасы тууралуу айтып берди.

 


 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар