Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык илимий-методикалык борбордун иш планына ылайык, 13-февралдан баштап Кесиптик лицейлердин жетекчилеринин квалификациясын жогорулатуу курстары башталды.

Көрүлдү: 0

Квалификациясын жогорулатуу курстарына Бишкек шаарындагы жана Жалал-Абад, Баткен, Ош, Нарын, Ыссык-Көл, Чүй облустарынын 22 башталгыч кесиптик билим берүү мекемелиринин жетекчилери катышууда.

post.title
 Курстун максаттары жана милдеттери:
- кесиптик лицейлердин жетекчилеринин башкаруучулук компетенцияларынын деңгээлин калыптандыруу жана өркүндөтүү;
- санариптештирүү шартында кесиптик сапаттарды жана көндүмдөрдү өнүктүрүү;
-  башталгыч кесиптик билим берүү окуу жайларында сапатты башкаруу системасын түзүү жана өнүктүрүү.

Квалификацияны жогорулатуу курстарынын программасы төмөнкү темаларды камтыйт: 1. Башталгыч кесиптик билиим берүү системасынын документтерин жана ченемдик-укуктук актыларын жөнгө салуу; 2. Менеджмент жана анын компоненттери; 3. Билим берүү тармагындагы маалыматтык технологияларды башкаруу; 4. Кесиптик лицейлерди өнүктүрүүнүн стратегиялык планын түзүү; 5. Жетекчинин финансылык сабаттуулугу; 6. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик администрациясынын өзгөчөлүктөрү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар