Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Бишкекте өткөн тегерек столдо башталгыч кесиптик билим берүү системасынын бүгүнкүсү жана эртеңкиси талкууланды

Көрүлдү: 966

Бүгүн Бишкек шаарында «Башталгыч кесиптик билим берүүнү реформалоо» аталышында тегерек стол өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашева, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы Галина Байтерек, ошондой эле министрликтердин жетекчилери жана жооптуу кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы өкүлдөрү, кесиптик лицейлердин жетекчилери, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ишкерлер жана фермерлер катышты.

post.title

Иш-чара заманбап шарттарда социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана башталгыч кесиптик билим берүү системасында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн социалдык өнөктөштүктүн жаңы моделин түзүү жолдорун талкуулоо максатында уюштурулду.

Тегерек столдун ачылышында сөз сүйлөгөн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашева башталгыч кесиптик билим берүү системасынын учурдагы абалы, тармактагы көйгөйлүү маселелер жана аларды чечүүнүн эффективдүү жолдору тууралуу өз оюн ортого салды. “Бүгүнкү күндө Кыргызстанда квалификациялуу жумушчу күчтөрдүн санына карата дисбаланс жана жумушсуздук курч көйгөй бойдон калууда. Ошондуктан ички жана тышкы эмгек рыногунун талаптарына ылайык кесиптик билим алууга багыттоо иштерин күчөтүү зарыл”, – деп белгиледи Жылдыз Бакашева.

Бакашева бүгүнкү күндө башталгыч кесиптик билим берүү программасынын эмгек рыногунун заманбап муктаждыктарына шайкештиги тууралуу маселе дагы деле ачык бойдон калып жатканын, буга байланыштуу мамлекет башталгыч кесиптик билим берүүнүн ченемдик укуктук базасына бир катар олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизгенин, бул өзгөртүүлөр иш берүүчүлөргө кесиптик билим берүү программаларына катышууга мүмкүндүк берерин билдирди.

Ошону менен катар Ж. Бакашева башталгыч кесиптик билим берүү системасындагы көйгөйлөрдү жоюу үчүн жаштардын жумушчу кесиптерге кызыгуусун арттыруу, кесиптик башталгыч билим берүүнүн эффективдүү системасын түзүү, ваучердик каржылоо системасын киргизүү аркылуу бардык куракта кесипке ээ болуу, кайра даярдоо же үзгүлтүксүз билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо, кесиптик лицейлерде мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өбөлгө болуучу окутуунун жаңы формаларын жана методдорун киргизүү аркылуу окутуунун бардык баскычтарында иш берүүчүлөрдүн катышуусун камсыздоо, кесиптик билим берүүнүн эл аралык стандарттарын киргизүү аркылуу кесиптик билим берүүнүн кадыр-баркын жогорулатуу зарыл деп кошумчалады.

Тегерек столдо модераторлук милдетти аркалаган Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуров «Бизнес жана кесиптик лицейлердин ортосундагы кызматташтык. Кесиптик лицейлердин негизиндеги өндүрүштүк цикл» темасында презентация жасады. Н. Омуров оболу катышуучуларды башталгыч кесиптик билим берүү системасы тууралуу аналитикалык, статистикалык маалыматтар менен кеңири тааныштырды. Ошону менен бирге тармактын көйгөйлөрүнө да токтолду. Анын белгилешинче, тармактагы көйгөйлүү маселелердин бири – кесиптик лицейлердин технологиялык жактан артта калышынан, кесиптердин жана жабдуулардын эскиришинен, жаңы кесиптердин келип чыгышынан улам кадрларды даярдоо сапатынын эмгек рыногунун талаптарына дал келбей калуусу. Бул көйгөйдү чечүү үчүн социалдык өнөктөштүктүн жаңы модели керек. Анда иш берүүчүлөр кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүнүн негизги кыймылдаткыч күчү болушат.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 99 башталгыч кесиптик билим берүүчү окуу жай бар, аларда 5,4 миң адам эмгектенет, 32 352 окуучу билим алат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар