Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
«Санарип кампа» жана «Күндөлүк» санариптик санариптик билим берүү платформалары боюнча онлайн-семинар өткөрүлдү

Көрүлдү: 0

9-10-сентябрда Агартуу министрлиги бардык аймактагы информатика мугалимдери жана окуу бөлүм башчылары үчүн онлайн-семинарларды өткөрдү. Максаты - «Санарип кампа», «Күндөлүк» санариптик билим берүү платформаларын жана электрондук окуу китептерди киргизүү жана аларды натыйжалуу колдонууну маселелерин талкуулоо.

post.title

 

Агартуу министрлигинин кызматкерлери билим берүүнү санариптештирүү тармакты өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын бири экенин белгилешти. Платформаларды киргизүү билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, мектептеги процесстердин ачыктыгын камсыздоого жана республикада бирдиктүү санариптик билим берүү мейкиндигин түзүүгө багытталган.

Түзүүчүлөр ар бир платформанын функционалдуулугун кеңири түшүндүрүп, иш жүзүндө анын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, катышуучулардын суроолоруна жооп беришти. Информатика мугалимдери менен окуу бөлүм башчылары платформаларды окуу процессине интеграциялоонун айкын мисалдарын алышып, бул активдүү талкууга жана тажрыйба алмашууга өбөлгө түздү.

Семинарларда колл-борборго келип түшкөн кайрылуулар да айтылды. Эң көп кездешкен маселелердин арасынан «Күндөлүк» АИСтин жана «Санарип Кампа» платформасынын иштөөсүндөгү кыйынчылыктар белгиленди. Ошондой эле информатика мугалимдери мектеп компьютерлерин, анын ичинде «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында алынган компьютерлерди жаңыртып туруусу (обновление), мугалимдерге «Алтын казык» ноутбуктарын колдонууда практикалык жардам көрсөтүүсү зарыл экени баса белгиленди.  

Талкуулардын жыйынтыгында мектептерди мындан ары колдоо боюнча бир катар практикалык чаралар аныкталды:

  • район деңгээлинде семинарларды жана жолугушууларды өткөрүү;
  • көп берилген суроолор боюнча видеонускамаларды даярдоо;
  • мектеп техникасын жаңыртып туруу (обновление) боюнча колдонмо чыгаруу;
  • компьютердик техниканын абалына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү.  

«Санарип кампа», «Күндөлүк» санариптик платформалары жана электрондук окуу китептери мектептер, окуучулар жана ата-энелер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Өткөрүлгөн иш-чаралар көрсөткөндөй, билим берүү процессиндеги бардык катышуучулардын биргелешкен эмгеги гана санариптик инструменттерди ийгиликтүү киргизүүгө жана Кыргыз Республикасында билим берүүнүн сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.

«Санарип кампа» - окуучулар жана мугалимдер үчүн санариптик билим берүү платформасы: https://stem.edu.gov.kg/. Платформа заманбап окуу процессин уюштуруу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Мугалимдер симуляторлорду, 3D моделдерди, видеосабактарды колдонуу менен интерактивдүү сабактарды өткөрүп, балдардын билимин баалоо үчүн ар кандай тестирлөө куралдарын пайдалана алышат. Окуучулар болсо өз алдынча изилдөө жүргүзүүгө, материалды кошумча изилдөөгө, мугалимдер жана курдаштары менен ар кандай форматта баарлашууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул окуу процессин ийкемдүү, кызыктуу жана жемиштүү кылат.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар