Көрүлдү: 0
Агартуу министрлигинин «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ваккер атындагы мектепте критерийге багытталган баалоо методологиясы боюнча жыйынтыктоочу семинар-практикум болуп өттү.
Семинарга райондун пилоттук мектептеринин башталгыч класстарынын мугалимдери жана баалоо боюнча адистер катышты.
Иш чаранын максаты 2024–2025-окуу жылынын III–IV чейректеринде окуучуларда критерийдик баалоонун куралдарын жана методологиясын сыноонун жыйынтыктарын чыгаруу жана аларды практикага киргизүүнүн кийинки кадамдарын аныктоо болду.
Семинарда апробациянын негизги жетишкендиктери жана кыйынчылыктары, билим берүү стандарттарына шайкеш критерийлерди иштеп чыгуу ыкмалары талкууланды. Ошондой эле катышуучулар жаңы муундагы тапшырмаларды түзүү боюнча практикалык тажрыйба алмашылды. Бул тапшырмалар окуучулардын билим алуу натыйжаларын ар кандай компетенция деңгээлдеринде өлчөөгө багытталган.
Өзгөчө мугалимдердин кесиптик өсүүсүнүн жекече жол карталарын иштеп чыгууга жана критерийге багытталган баалоону практикага киргизүү боюнча иштерге көңүл бурулду.
Семинардын жыйынтыгында катышуучулар билим берүүдөгү заманбап баалоо ыкмаларын өнүктүрүүгө кошкон салымын ырастаган сертификаттар менен сыйланышты.
Критерийге багытталган баалоону киргизүү Кыргызстандагы билим берүү реформаларынын негизги багыттарынын бири болуп саналат.
Анын артыкчылыктары:
Бул семинар башталгыч класстардын мугалимдеринин потенциалын чыңдоодо жана Кыргызстанда критерийге багытталган баалоо маданиятын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болду. Алынган жыйынтыктар өлкөдө билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана практиканы мындан ары кеңейтүү үчүн негиз болот.


