Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
«Санарип Кампа» жана «Билим берүү практикасына байкоо жүргүзүү» — Кыргызстандын билим берүүсүнүн сапатын жогорулатуудагы жаңы кадамдар

Көрүлдү: 0

Ысык-Көл облусунда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан уюштурулган «Жаңылыктын жарчысы» педагогикалык форуму өтүп жатат.

post.title

 

Иш чарага Кыргызстандын бардык аймактарынан педагогдор, мектеп директорлорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары жана методисттер катышып жатат. Форумдун максаты — жаңыртылган Мамлекеттик билим берүү жана предметтик стандарттарды, инновациялык билим берүү куралдарын, окуучулардын жетишкендиктерин баалоодогу жаңы ыкмаларды жана мугалимдерди кайра даярдоо менен квалификациясын жогорулатуунун жаңыртылган форматын киргизүү шартында 2025/2026-окуу жылына педагогикалык кызматкерлерди методикалык жана уюштуруучулук жактан даярдоо.

Педагогикалык форумдун алкагында Агартуу министрлиги «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында иштелип чыккан эки негизги куралды - «Санарип Кампа» санариптик платформасын жана «Билим берүү практикасына байкоо жүргүзүү» инструментин тааныштырды. Бул куралдар жаңы окуу жылынан тарта өлкөдөгү бардык мектептерде колдонула баштайт.

Кошумча окуу материалы катары иштелип чыккан «Санарип Кампа» санариптик билим берүү платформасы 5–11-класстардын окуучуларына арналган жана STEM сабактарын (математика, физика, биология, химия, география) камтыйт. Платформада видео сабактар, презентациялар, симуляторлор, инфографикалар жана кыргыз жана орус тилдериндеги тесттер бар. Мугалимдер платформага материалдарды жүктөй алышат, «Баалоо» системасы аркылуу тапшырмалар менен тесттерди түзө алышат, ал эми орнотулган жасалма интеллект куралдары тесттерди жана сабак пландарын автоматтык түрдө түзүүгө жардам берет. Форумдун катышуучулары платформанын окуу процессин жакшыртуу жана окуучулардын кызыгуусун арттыруудагы мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты.

Мугалимдер жана методисттер үчүн окуу процессинин сапатын баалоодо, сабактарды талдоодо, окутууга инновацияларды киргизүүдөгү эффективдүү ыкма катары «Билим берүү практикасына байкоо жүргүзүү» инструменти сунушталды. Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар мугалимдердин ишин объективдүү баалоо жана өнүгүү багыттарын аныктоо үчүн бул куралды колдонууну үйрөнүштү.

Окутуунун жүрүшүндө мектеп директорлорунун орун басарлары жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн методисттери байкоонун төрт негизги багыты боюнча иштөөнү өздөштүрүштү: билим берүү чөйрөсү, классты уюштуруу, окутуу жана баалоо. Тренингге видеоматериалдар менен иштөө, көрсөткүчтөрдү коддоо, билим берүү кырдаалын талдоо жана мугалимдер үчүн конструктивдүү пикир түзүү киргизилди.

«Бул куралдар окутууну жакшыртып гана тим болбостон, окуучулар үчүн окуу процессин дагы жеткиликтүү жана натыйжалуу кылат. Платформа билим алуу жана өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратса, окуу процессин байкоо системасы мыкты тажрыйбаларды аныктоого жана окутуу методикаларын өркүндөтүүгө көмөктөшөт», — дейт «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун баалоо боюнча координатору Мира Мыкыева.

«Санарип Кампа» жана «Билим берүү процессине байкоо жүргүзүү» куралдарын кеңири түрдө киргизүү — жаңыртылган мамлекеттик жана предметтик стандарттарды ишке ашыруудагы маанилүү этап болуп, мугалимдерди колдоону, санариптик сабаттуулукту өнүктүрүүнү жана Кыргызстандын бардык аймактарында билим берүүнүн сапатын жогорулатууну камсыздайт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар