Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
“Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар” долбоору боюнча массалык маалымат каражаттары үчүн билдирүү

Көрүлдү: 0

Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар

post.title



 

Пресс-конференциянын датасы: 2025-жылдын 8-августу

Убактысы: 9:00

Өтүүчү жери: Инновация борбору. Эркиндик бульвары, 58/а

- Долбоор Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.

- Жаңылыктын баш аты: Кыргызстанда жогорку билим берүүнү системалуу реформалоо башталды.

Долбоордун негизги багыттары:


Эмгек рыногунун муктаждыктарына багытталган илимий жана академиялык программаларды колдоо:


· Өзгөчө статусу бар беш ЖОЖдо Илимий жана инновациялык борборлорду (ИИБ) түзүү;

· Академиялык инновациялык фондду (АИФ) түзүү жана Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун илимий кызматкерлерине гранттарды берүү;
· Улуттук экономиканын приоритеттүү тармактарында университеттер аралык илимий-изилдөө жана академиялык иштерди колдоо;
· Жогорку билим берүү программаларын жакшыртууга көмөк көрсөтүү.

Журналисттер үчүн жарыя: Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновация министрлиги “Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновация” долбоорун ишке киргизди.

Долбоор максаттуу университеттер аркылуу өнөр жай секторун тартуу, заманбап лабораторияларды, стартаптарды жана ЖОЖдордо илимий борборлорду түзүү аркылуу илимий изилдөөлөрдү колдоо аркылуу алдыңкы изилдөө моделин киргизүүнү пландаштырууда.

Долбоор эмгек рыногуна жооп берүү үчүн илимий-изилдөө жана жогорку билим берүү программаларынын сапатын жогорулатууга, университеттер, бизнес жана эл аралык академиялык коомчулуктун ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөгө жана аялуу топтор үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган.

Пресс-конференцияга төмөндөгүлөр катышат:
· Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновация министринин орун басары Омуров Нурлан Кубатович;
· "Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновация" долбоорунун командасы;
· Маалыматтык технологиялар борборунун жетекчилери;
· Илим, билим жана экономика тармагындагы адистер.

Уюштуруучу: Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим жана инновациялар министрлиги.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар